Садыр Жапаровду каралаган Абдил Сегизбаевдин калпы чыкты
Өткөн билдирүүлөрүнүн биринде Абдил Сегизбаев атырыла сүйлөп, элди аттырган Жаныш Бакиевдин орун басары түрмөдөн чыгып кеткенин билдирген. Бул боюнча Садыр Жапаровго “таш ыргытып”, шилтеме жасаган да. Коомчулук таңгалып, кызыктай абалда калган. Биз иликтеп көрсөк, Октябрь төңкөрүшүнөн кийин Жаныш Бакиевдин мурдагы орун басары Нурлан Темирбаевдин абактан чыгары боюнча сөз тарап, бирок сот жоопкерчилиги эркиндикти бербептир. Ал көп жылдан бери №27 Молдовановка колониясында камалып отурат. Жаныш Бакиевдин дагы бир орун басары Данияр Дунганов да түрмөдө экен. Кызык. Абдил Сегизбаев каралоо үчүн “өрдөктөрүн” учуруп койгонбу? Себеби, көпчүлүк катмардын бакиевдерге карата көксөөсү сууй элек, жаман көрүшөт. 2010-жылы Акүйдүн астынан эл кырылган... Көрсө, тек гана Садыр Жапаровду жаманатты кылуу менен булганчтарга байлап, элдин көзүн будамайлоо беле?..
Aryba.kg