Акыркы кабарлар
» Саясат » Токтогул Какчекеев, саясат талдоочу: “АКШ, Украина эл аралык жалданма террористтерди табышкан...”
Токтогул Какчекеев, саясат талдоочу: “АКШ, Украина эл аралык жалданма террористтерди табышкан...”
04-апрель, 22:15
719 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌-- Токтогул мырза, «Крокус Сити холлдогу» каргашаны кимдер, кандай максатта уюштурду дейсиз?
-- Мен бул кандуу окуяны АКШнын тымызын жасаган диверсанттарынын чабуулу деп ойлойм. Анткени, Путиндин кайра президенттикке шайланганы аларга жаккан жок. 139 кишинин өмүрүн алган каргашалуу окуя күрөштү согуш майданына буруп, Россияга диверсияларды күчөтөбүз дегенди билдирет. Тагыраагы, бул нерсе Россияга каршы 54 мамлекеттин дубай саламы. Ошон үчүн концерттик залда жардыруу, атуу болгондо “Москва согуш алдында” деген маалыматтарды дагы таркатып, элди дүрбөлөңгө салууга үлгүрүштү. Буга чейин деле Россиядагы террористтик акциялардын баарын Батыш өлкөлөрүнүн атайын кызматы уюштурган. Бу сапар деле ошолор жасады.
-- Бул окуя Россияга каршы 54 мамлекеттин дубай саламы дегениңиз менен “муну террористтик уюмдар жасады, мындай мыкаачылыкка ошолор эле барат” деген маалыматтар айтылып жатат го?
-- Бул диверсияны Талибан, ИГИЛ өз күчтөрү менен жасай алышпайт. Ошондуктан АКШ, Украина эл аралык жалданма террористтерди табышкан. Өздөрү издерин жашыруу максатында тажиктерге токтолушкан. Анткени, “тажиктер кармалып, кыйноого туш болушса, алар Россияга каршы чыгышат” деген саясат менен иш кылышкан. Байкадыңарбы, талибандар дагы кыйноого туш болгон террористтерге жан тартып, “дүйнөгө мусулмандарды жаман көрсөтүп жатышат” деген ойлорун айта башташты. Чынында колго түшкөн террористтер 500 миң рубль эмес, 5 миллион рубль алышы мүмкүн эле...
-- Эмнегедир Зеленский: “Эми муну биздин көрөт. Тийешебиз жок болсо да бизге шылтайт” деген ойду айткан эле. АКШ дагы бул ишке Украинанын тийешеси жок экенин баса белгиледи. Сиз эмне үчүн Украинанын тийешеси бар экенин боолголоп атасыз?
-- АКШ канчалык “Украинанын тийешеси жок” деп какшабасын, анын тийешеси бар деп ойлойм. Анткени, Украинанын чалгындоо кызматынын башчысы кезинде “залда концерт көрүп жыргап жатасыңар, шашпасаңар көрөсүңөр” деген. Ошол айткандай эле концерттик залда жардыруу, бейкүнөө элди атуу болду. Мен ошон үчүн Украинанын тийешеси бар экенин айтып атам. “Биздин эч кандай тийешебиз жок” деген Зеленскийдин билдирүүсүн “ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат” деген эле сөздөй кабыл алдым. Эми анын абалы оорлойт. Украинанын көп жери Россиянын карамагына өтөт. Көрөсүңөр го, азыр каршы чыгып жаткан эки мамлекет Россиянын облустарына айланат.
Бөлүшүү:

“Азия Ньюс” гезити