Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Саясый сойкулукту “гүлдөткөн” Өмүрбек Бабановдун айлакерлиги

Саясый сойкулукту “гүлдөткөн” Өмүрбек Бабановдун айлакерлиги

06-ноябрь, 15:37
848 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

2017-жылы президенттик шайлоого Өмүрбек Бабанов чыкканда Канатбек Исаев колдоого алып, Алмазбек Атамбаевдин саясатына ачык каршы чыккан. Бийликке карай курч сын-пикири, тайманбастыгы менен өзгөчөлөнгөн эле. Элдин агымы бурула баштаганда Канатбек Исаевге чагымчылык жасалып, саясый куугунтук таризинде камакка алынган. Он айга чукул отуруп чыгып, эрктүүлүгүн жана сынбаганын далилдеген да... Тагдырдын тамашасын кара, бүгүн Өмүрбек Бабанов кечээги үзөңгүлөшүн колдоонун ордуна Садыр Жапаровдун алдына бүжүрөп барып, күч каякта болсо, ошол жактын тарапташы экенин көрсөттү. Саясый сойкулукту “гүлдөтүп”, жогорку үлгүсүн ашкереледи! Баса, Өмүрбек Бабанов төңкөрүштөн кийин Алмазбек Атамбаевге өтүп кетип, Ала Тоо аянтына реванш кылуу үчүн колтукташып келишпеди беле? (Тепки жеп качышкан.) Бузуку демилгеси ишке ашпай калган соң, эми Садыр Жапаровдун саясатын колдоп, президенттик шайлоодо “аткошчусуна” айланганы калды. Паска түшүп, ушунчалык да айлакер болобу? Жеке кызыкчылыгы үчүн кол жоолукка айлана береби? Миллиарддарды мамлекетке төлөбөй, кылмыш иштеринен кутулуп кетеби? Кыскасы, БӨТтө адамгерчилик, ар-намыс, туруктуулук, дегеле жигиттик сапаты жок экен эй! Эртең Садыр Жапаровду да сатып, алдап кетеринен эч шегим жок... 


Асланбек Сартбаев, “Азия Ньюс” гезитинин башкы редактору

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер