Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кашкардын аяш баласы Азиз Бекназаровду ИИМ катуу сүрөп, чоңойтуп келатат

Кашкардын аяш баласы Азиз Бекназаровду ИИМ катуу сүрөп, чоңойтуп келатат

20-декабрь, 09:00
799 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ири кылмыштарга шектүү Кашкар Жунушалиевдин көздөй аяш баласы Азиз Бекназаров Октябрь РИИБнин орун басары катары иштеп жүрүп, сойкулук жайларды көзөмөлдөп, ирденип алганы жалганбы? Бул кадр көп кыңыр иштерге аралашканы айтылып келет. Бир эсе таңыркайсың. Бишкек ШИИБнин кылмыш иликтөө башкармалыгынын орун басарлыгына жакында эле дайындалып, күтүүсүздөн Ош ШИИБнин орун басарлыгына секирик жасады. Карьерасы чагылгандай тездик менен өсүп баратканын карагылачы! Адатта таза, принципиалдуу полковниктерге бут тосулуп келсе (Нурбек Такабаевич жакшы билет), а мындай “калбырлуулар” көтөрүлө баштады. ИИМ лөктөрү кадр саясатын алалабай, адилеттүү жүргүзсө болбойбу? Ош ШИИБ начальниги Марлис Асанов ансыз да жарытылуу иштей албай атканда, Азиз Бекназаров өңдүү орун басар менен алыска деле узабаса керек. Окшошкон “ойрондор” десе! Булардын сары изине түшүп, байкоо сала туралы. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер