Садыр Жапаров өзү өкмөт, министр, пресс-катчы, блогер, футболист...


Жай саратан айы саясый, социалдык нааразычылыктарга жык толуп, ар кандай талкууларга күбө болуп келдик. Аз күндө күрдөөлдүү күз башталат. Бийлик каршылаштары менен күрөшүүнү улантууда. Саясат дагы кызыйт. Ушул жерден өзгөчө көңүл бура турган жагдай – Садыр Жапаров өзү өкмөт, министр, пресс-катчы, блогер, футболист ж.б. Ооба, сергектиги бар, дароо реакция жасайт. Аткаруу бийлигинде, же кайсы министрликте чуу чыгып калса, президент баарына аралашып, жооп бергенге үлгүрөт. Пресс-катчылыктын, блогерликтин милдетин аткарууну да аркалап алган. Коомдогу түрдүү көйгөйлөргө жооп бере турган тийешелүү министрлер, губернаторлор бар эмеспи. Алар козголгуча, өкмөт аппараты менен “өкчөлгүчө” башкы каарманыбыз кыска маек бере салат да, чекит коёт. Бул жагы кээде окшошсо, айрым убакта жарашпай калат. Шашылыш кадам, эмоция аралашып. Аныгында, Садыр Жапаровго пиар кампаниянын деле кереги жок, өзү эле көп милдеттерди аткарып коюп атпайбы...
"Азия Ньюс" гезити











