Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аравияда 23-январда вирус чыкса, зыяратчылар 26-февралда Бишкектен учушкан

Аравияда 23-январда вирус чыкса, зыяратчылар 26-февралда Бишкектен учушкан

31-март, 20:18
6 202 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Коронавирус Сауд Аравиясында 23-январда табылды. Биздин молдокелер ал жактан 12-мартта келишкен. Ажылык 15 күнгө созулат, демек, алар 26-февралда Бишкектен учуп кетишкен.

Бул жерде адамдарды жаман дарт катталган, коронавирусу бар өлкөгө жөнөтүү акылга сыйбаган кайдыгерликтин жыйынтыгы болуп турат. Алар 45 учур (илдет) катталган Сауд Аравиясынан кайтып келген 12-мартта Италияда апаат болуп көрбөгөндөй күч алып турган. Анан Сауд Аравиядан кайткан ажылардын арты менен вирус өлкөбүзгө жайылары, бул этиятсыз мамиле кандай бүтөрү белгилүү эле. Бирок зыяратчылардын бирин да коронавирус боюнча дыкат текшерилбегени жана карантинге киргизилгенбегени таңгалычтуу.

Арабызда караңгы адамдардын көбөйгөндүгү эч нерсе эмес, өкмөттүн “маң” болуп, жарытылуу нерсеге акылы жетпей отурганы коркунучтуу. Мындай абал биздин өлкөнүн жок болуп кетишине алып келиши толук ыктымалбы? 

19-20-мартта Сауд Аравиясынан 300дөй зыяратчы тобу келди. Булар 3-4-мартта кичи ажылыкка жөнөтүлгөн да... Бийликтеги айрым адамдар ажылык сапардан пайда таап келишкени ачыкталабы? Акчага жутунган ач көздөр 6 миллиондон ашык адамдын өмүрүн тобокелге салышканы ушулбу?..

Aryba.kg

Бөлүшүү:



Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
(Видео) Индиядан келген дааватчылар милицияга баш ийбей коюшкан
“Казакстанда коронавирус катталды” деген билдирүү тарап жатат
“30-апрелде карантин токтосо, 100 миңдеген адамдардын өмүрүнө коркунуч келтиребиз”
(Видео) Карантиндеги чатак. Күйөөсү аялын терезеден ыргытты...
(Видео) Алматы көчөлөрүндө адамдар кулай баштады. Себеби?..
“Кремлде” делген Самаранын концерти айылдагы клубдун деңгээлинде өттүбү?
(Видео) Муфтий Максат ажыдан мындай соккуну эч ким күткөн эмес...
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер