Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Тазабек Икрамов: “ӨКМ дамбаларды салуу боюнча жакшы жумуш алып барбай жатканы өкүндүрөт”

Тазабек Икрамов: “ӨКМ дамбаларды салуу боюнча жакшы жумуш алып барбай жатканы өкүндүрөт”

21-май, 10:00
2 188 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Тазабек мырза, жакында эле сиз депутат болуп шайланган Сузак районунда катуу сел жүрдү. Азыр ал жактагы абал кандай?

-- Былтыр Сузакта сел жүрүп, бир топ кишилердин үйлөрүн суу каптап, бир өспүрүм кыздын өмүрүн алып кеткен. Кечээ жакында да Кара-Дарыя айыл өкмөтүндө 500 гектардай жерди суу алып, шалы эккен дыйкандар жабыр тартышты.Талаада иштеп жаткан бир дыйканды аз жерден суу агызып кете жаздап, араң куткарып калышкан. ӨКМ дамбаларды салуу боюнча жакшы жумуш алып барбай жатканы өкүндүрөт. Былтыр эле салына турган дамба бүгүнкү күнгө чейин эч кыймылсыз турат.

-- Дыйкандарга компенсация төлөө жагы кандай болот?

-- Муну комиссия карап, маселени чечип беришибиз керек. Мен айыл өкмөттөрү менен кеңешип көрөм го. Дыйкандар тарткан чыгымды төлөп берүү боюнча маселе өкмөткө сөзсүз коюлат. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер