Исхак Масалиев пенсиясыз калабы?
Өкмөт орун басары Эдил Байсалов бул апта коомчулуктун көңүлүн пенсиялык системага бурду. Каякка барба элдин баары пенсияларын эсептеп калыптыр. Бир канчалары түшүнүп-түшүнбөй эле Эдил Байсаловго нааразы пикирлерин да айтканга үлгүрүштү. Кабминди “эл душманы” деп каралаганга да барышты. Чала милиционер-таможенник болуп жүрүп, чоң өлчөмдө пенсия алган Исхак Масалиев сыяктуулары “кетсин” деп чыгышты. Бирок кабмин тайманбастыгын көрсөттү. “Биз мамлекеттин тагдырына жооптуубуз. Ачуу дары болсо дагы, сөзүбүз жакпай турса да, жалтактабай чындыкты айтабыз” деди. Коомчулукка пенсиялык көйгөйлөрдү чогуу чечүүнүн жолдорун издеп табууну, сунуш кылуусун туура саясат катары кабыл алдык. “Кеңешип кескен бармак оорубайт” демекчи, пенсияларды калыс жана жетиштүү аныктоону колдошубуз керек. Садыр Жапаров айлыктарды канча көтөрүп берсе, пенсияларды да оңго салып берет (!) деген үмүт. Кабмин соцфондго мурун төлөмдөрдү төкпөй келгендерди тартипке салсын. Баракелде, Байсалов!
"Азия Ньюс" гезити