Бишкек мэри болууга Куванычбек Конгантиев ашыктыбы?


Таңгаласың да. Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Куванычбек Конгантиев тымызын жүрүп алып, интриганы козутуп атабы? Мэр Айбек Жунушалиевге каршы иштеген кербезиби? Ачык күрөшпөгөнү менен балээнин баары ушунда жатабы?.. Айтор, суроолор арбын.
Буга чейин Бишкек мэри Айбек Жунушалиевдин эки орун басары камалып, шаардагы коррупциялашкан аракеттер ачыкталып, коомчулукка резонанс жаралган эле. Нааразычылыктар күчөп, ырбап кеткен, азыр да жакшы эмес. Моралдык жагынан алганда, Айбек Жунушалиевдин аталган кызматта калууга акысы жок болчу. Бирок элдир-селдир иштеп атат. Жалпысынан алганда, шаардыктардын жүгүн тартып кете албады. Экономикалык, социалдык, дээрлик муктаждыктарга байланыштуу маселелер чечилбей турат. Мэрдин саясый салмагы жокко эсе. Эл астында рейтинги төмөн...
Мындай шартта Куванычбек Конгантиевдин чырагына май тамып, Бишкек мэри болууга экинчи топ тарабынан жандалбастап, натыйжада, буга чейинки аракетинен майнап чыкпаганы байкалды. Айбек Жунушалиевге жана анын эки орун басарына жакшы атака жасалды го? Камалышты. Көшөгө артынан кыйла эле “салгылаш” болгону менен кресло буюрбай келет. Аныгында мэрлик үчүн айгышкан күрөш улана бермекчи. Кызыгы, Куванычбек Конгантиев борбор калаанын башына келген күндө деле, андан жарытылуу реформаны деле күтпөйбүз. Баягы эле “өз көмөчүнө күл тартуу” дегендей образды жаратабы? Ооба, ишеним жок. Эмесе, мындан аркы “эрөөлдөрүнө” баам сала туралы. Маалымат жагынан бөлүшөбүз...
"Азия Ньюс" гезити











