Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жаңы шайланган депутаттар эмитен кабинет талаша башташтыбы?

Жаңы шайланган депутаттар эмитен кабинет талаша башташтыбы?

06-декабрь, 17:05
1 361 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жогорку соттун төрайымынын кеңешчиси, парламенттин мурдагы басма сөз катчысы Ибрагим Нуракун уулу социалдык тармактагы баракчасына 7-чакырылыштын депутаттары келбей жатып эле кабинет талашып жатышкандыктарын айтып, келечектеги депутаттарга кеңештерин жазды.

“Бир аз мурда бир телеканалдан кабарчы кыз телефон чалып, “7-чакырылыштын депутаттары келбей жатып эле кабинет талашып жатыптыр деп угуп атабыз. Сиз парламенттин мурдагы басма сөз катчысы катары мурда кабинеттер кантип бөлүштүрүлүп жүргөнүн айтып бере аласызбы?” деп сурады. Тилекке каршы, интервью берүүгө убактым болбой калды. Ошентсе да мурдагы маалымат катчы катары жаңы депутаттарга, эгер кабыл алышса, анча-мынча кеңешимди берип коёюн дедим, ушул кабинет маселеси боюнча.

Урматтуулар, кийинки беш жыл бою отуруп иштей турган жериңиздерди азыртадан камдап койгонуңуздар эң туура иш. Бирок менин журналист катары байкаганым, кабинетке караганда жыйындар залындагы орундар да өтө маанилүү. Колдон келсе, микрофонго жакын жердеги креслону тандаңыздар. Айрыкча процедуралык маселелер боюнча же башка маанилүү талкууларда чыга калып сүйлөп турууга абдан ыңгайлуу болот. Залдагы телекамералар дагы ошол микрофондун тегерегиндеги орундарды көп көрсөтөт. Сүйлөбөй деле таанымал депутат болуп калса болот.

Кабинетти, эгер иштеген депутат болсоңуз күн тийген жагынан алыңыз. Эртеден кечке күндүн нурун көрбөй иштөө өтө кыйын. Эгер келип-кетме депутат болсоңуз, көлөкө жагы жакшы. Жайкысын ысып келгенде салкын кабинетте отуруп алып чай ичкенден өткөн ырахат жок. Ал эми кабинеттин аянты, канчанчы кабатта экени депутаттык ишке анча деле таасир этпейт. Мисалы, “легендарлуу” алтынчы чакырылыштын депутаттары Жанар Акаев, Аида Касымалиева, Алтынай Өмүрбекова, Рыскелди Момбеков, Абдывахап Нурбаев деген депутаттар мен билгенден дүйнөдөгү эң тар кабинеттерде отурушчу. Бирок бул алардын таанымал депутат болушуна эч тоскоолдук кылган жок.

Мисалы, бир жолу депутат Нурбаев таза аба долбоору боюнча талкууну өзүнүн кабинети тар болуп калып, менин тар, бирок аныкынан бир метрге кененирээк кабинетимде өткөргөнгөнү эсимде. Ошондон улам кабинет канчалык тар болсо, иш ошончолук ийгиликтүү болот экен деп ойлоно берем. Убагында Дооронбек Садырбаев да тар кабинетте отурчу эле.

“Жетинчи кабаттагы Камчыбек Жолдошбаев деген үлкөн депутаттын кабинетин ким ээлер экен эми?” деп ойлонуп койду Штирлиц…” деп жазган Нуракун уулу.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер