Акыркы кабарлар
22:58
» Саясат » Нуржигит Кадырбековдун былтыркыдай жылдызы жанбай калыптыр
Нуржигит Кадырбековдун былтыркыдай жылдызы жанбай калыптыр
11-ноябрь, 18:38

Өткөн парламенттик шайлоодо “Ыйман Нуру” партиясы 50-60 миңдин тегерегинде добуш алган. Өзгөчө Нуржигит Кадырбеков шерденип, министр да болгонго үлгүргөн эле. Бир эсе демөөрчүлөрү жарашып, экинчиден, диний электоратты буруп кетишкен болчу. А быйыл былтыркыдай каражаттары көп эмес, ар бир талапкер өзү үчүн иштеп, кыйчалыштык жаралып атыптыр. “Какаганга муштагандай” болуп, учурда диний катмардын добуштары да төрт-беш партияга бөлүнүп кетип, айтор, абал мышык ыйлачудай экен. Ушу кезде “Ыйман Нурунун” лидери Нуржигит Кадырбековдун маанайы анча көтөрүлбөй, “бара көрөлү” деген тобокелчиликте калганы ырас.
"Азия Ньюс" гезити