Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Рыскелди Момбеков: “Балык ооз, базаркомдорго кошулсаң, элдин каргышына каласың”

Рыскелди Момбеков: “Балык ооз, базаркомдорго кошулсаң, элдин каргышына каласың”

03-сентябрь, 21:23
2 007 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Рыскелди Чыныбекович, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо күнү 28-ноябрга белгиленди. Бул шайлоодо кайсы жана кандай партиялардын мүмкүнчүлүгү көбүрөөк?

-- Азырынча кайсы партиялар ат салыша турганы тактала элек. Шайлоого катыша турган партиялар белгилүү болгондон кийин алардын мүмкүнчүлүгү жөнүндө айтсак болот. Ошентсе да мен билгенден, азыр бийликтин бедели түшүп турган кезде оппозициялык партиялардын мүмкүнчүлүгү чоңураак болот. Анткени, каалайсыңбы-каалабайсыңбы, элдин талабы да ошол жакка бурулуп кетет. Себеби бийликтен үмүтү өчкөндөр, көп нерседен ишеними кеткендер башка альтернативалык партияларды карашат. Азырынча көп партиялар тактала элек. Эгер оппозициялык партиялар биригип, эки блок же эки альянс менен барса, бийликчил партияларга караганда алардын мүмкүнчүлүктөрү жогору. Албетте, бийлик деле өзүнүн административдик, каржылык ресурстары колунда тургандан кийин муну болушунча колдонгонго аракет кылат. Анткен менен жыйынтык партия менен шайлоого бараткан талапкерлердин калк арасындагы кадырына жараша болот. Менимче, бу саам капчыгы калыңдар менен кадыры калыңдардын кармашы болчудай. Өткөн шайлоодо капчыгы калыңдар кадыры калыңдарды каңтарып кеткен. Ортодо эл да аларды аңтарып салды. Мындайча айтканда, азыр байлар деле мындай кармаштарда партия менен баргандан көрө бир мандаттуу шайлоого барганды туура көрүшөт. Жеке өзү гана бир аймактан элдин добушун алып, парламенттен орун алгысы келет. Ошондуктан байлардын, олигархтардын баардыгы “каймактарды” тандашат го... 

-- Бул жолку шайлоо мурдагыларга салыштырмалуу алда канча оор жана күчтүү атаандаштыкта өтөрү айтылып жатат...

-- Албетте, кептин баардыгы парламенттин ыйгарым укуктары аз болгонуна карабай, ал жакка барууну каалаган талапкерлердин көптүгүндө болууда. Эмне үчүн баардыгы эле парламентке аттангысы келүүдө? Жаңы Шайлоо кодексине ылайык, эми депутаттар кылмыш жоопкерчилигине тартылуудан эмес, кылмыш ишин козгоодон коргонуш үчүн Жогорку Кеңештин мандатын алганга аракеттенип калышты. Тактап айтканда, көпчүлүк көпөстөр, коррупцияга шектелген адамдар мандат алганга аракеттенишет. Өздөрүнүн бизнесин, же болбосо жеке тармагынын кол тийбестигин камсыздоо алар үчүн жогору турат. Бу саам алар мансап эмес, мандат үчүн барышат. 

-- Сиз айтып жатпайсызбы, “оппозициялык партиялар шайлоого катышса мүмкүнчүлүгү көбүрөөк болот” деп, мисалы “Ата Мекен” партиясы барары айтылууда. Алардын шанс барбы?

-- Эми шайлоодогу жеңиш оппозициялык партиялардын ичиндеги талапкерлердин сапатына жараша болот да. Анткени эл партияны тааныган күндө дагы, анын курамындагы талапкерлерди тааныбаса, ал партия өтө албайт. Партиянын аты бар, бренди бар, демек, талапкерлер дагы күчтүү болушу абзел. Эгер эл тааныган, элге сөзү өткөн, төбөсү көрүнгөн саясатчылар барса, албетте, аларда мүмкүнчүлүк чоң. Ал эми жалаң эле жаштарды алдыга коюп барса, анда оппозициялык партия болуп, бийликке сын айткан күндө деле элдин добушун алуу оор болуп калат. Баардыгы айланып келип талапкерлерге байланыштуу чечилет. Азыр преференциалдуу шайлоо өтөт да, мында партияга добуш бербейт, партиянын ичиндеги талапкерлерге добуш берет. Мурун партия өзүнүн бренди менен добуштарды алып келген болсо, бу саам талапкерлердин бренди менен ала алат. Ушундан улам эл арасында кадыр-баркы бар адамдарды партиялар өздөрүнө тартуу аракетин көрүшөт.  

-- Шайлоого катышуу планыңыз барбы? Сиз өзүңүздүн калк арасындагы кадырыңызды кандай баалайсыз?

-- Албетте, мен эл арасындагы кадырымды калың катмар билсе керек. Менин дагы бул боюнча аздыр-көптүр кабарым бар. Азыркы учурда эл арасындагы урматым жогору экенин жакшы билем. Себеби, жай айында үч-төрт облусту кыдырып, элдин мага болгон сый-урматтарын өз көзүм менен көрүп, баалаганга мүмкүнчүлүк болду. Ошондуктан, мен деле шайлоого катышсамбы (?) деген ойдун ортосунда турам. Бир топ партиялардан сунуштар бар. Азырынча ойлонуп жатам. Бир мандаттуу аймактан мага добуш алуу кыйын болот, анткени олигархтардын баардыгы бир мандаттуу округду тандап калышпадыбы. Мындайда партиялык тизме менен катышууга ниетим бар. Анткени, мен жалпы республика боюнча арбын добуш аларыма ишенем. 

-- “Биздин партиянын курамы менен шайлоого катыш” деген сунуштар бар дедиңиз, бул жагын кандай критерий менен тандайсыз?  

-- Албетте, ошол партиянын мүмкүнчүлүгүнө көңүл буруш керек. Жөн эле катышып коюш мен үчүн кажет эмес. Ал партия парламентке өтүп келе алабы, утуп келгенден кийин элдин үмүтүн актай алабы, партиянын ичинде кандай талапкерлер катталат? Мына ушундай критерийлерди эске алам да. Жалаң эле балык ооз, базаркомдор менен бир партияда барып, элдин каргышына калганча, элдин алкышын алып эле үйдө отурган жакшы эмеспи...


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер