Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Рыскелди Момбеков, ЖК депутаты: “Профсоюздар уюму мамлекеттин ичиндеги мамлекет болуп алышкан”

Рыскелди Момбеков, ЖК депутаты: “Профсоюздар уюму мамлекеттин ичиндеги мамлекет болуп алышкан”

30-январь, 15:06
546 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Рыскелди мырза, профсоюздар уюмунун ишмердиги депутаттар тарабынан катуу сынга алынып жатат. Алешемдиктердин бир нече фактылары аталууда. Ал жерде канчалык мыйзам бузуулар бар?

-- Профсоюздардын ишмердүүлүгүн иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлгөн. Кечээ анын отуруму өттү. Парламенттик комиссияга чейин дагы бир комиссия (ведомстволор аралык) түзүлгөн. Мен ошол комиссиянын мүчөсүмүн. Кесиптик бирликтердин ишин ачыкташ керектиги боюнча биринчи болуп мен иш алып барган болчумун. Кечээки айтылган, ачыкталган былыктарды мен мурун эле билгем. Айтылгандар негизгилери эмес. Мындан да чоң, мындан да төбө чачты тик тургузган иштери бар. Акыркы учурларда профсоюздарга нааразылар митингдерге, акцияларга чыгып, иши сотторго ашып, анан булар маалымат согушун жарыялап жиберишти. “Өз башындагы төөнү көрбөй, бирөөнүн башындагы чөптү көрөт” болуп. А өздөрүнүн ишинде өзүм билемдик. Совет учурундагы “Турбаза” деген жерди 5 млн. долларга кытайлык компанияга сатып жиберишкени тууралуу маалыматтар бар. Профсоюзга тийиштүү бир топ имараттарды өзүм билемдик менен сатып жиберишкен фактылар ого эле көп. Башкасын сатып бүтүп, “Достук” мейманканасынын жарымын да сатышкан. Сатканда да Бакиевдин жакын адамдарына сатышкан. Жарымын акцонердик коом кылып менчиктештирип жиберишти. Мурда “Достук” деп аталса, аттын үстүнө ат коюп, “Абакиров” атындагы мейманкана” деп атап алышыптыр. Ал эми “Саякат” мейманканасын профсоюздардын мурдагы жетекчиси 49 жылга ижарага берип жиберген. Жалал-Абаддагы, Ысык-Атадагы курорттордо коррупциялар тимеле укмуш гүлдөп кеткен. Ал жерлерди эч ким көзөмөлдөбөйт. Анан оозду ачырган айлык маяналарды алышат. Суммасы асман чапчыйт. Анан ай сайын 100 миң сомдон кем эмес айлык алышат. 

-- Бул уюм эч кимге отчет бербейт экен. Эмнеге аларды биздин мыйзамдар менен иштегидей кылганга болбойт?  

-- Бир гана билим берүү жана илим министрлиги профсоюздар уюмуна айына 14 млн. сом которот. Анча-мынча мугалимдерге эс алууга жолдомо берип коюшуп, калган сумманы каалагандай иштетип, мамлекеттин ичинде мамлекет болуп алган. Булардын эсеп-кысабын эч ким дагы билбейт. Жогоку Кеңештин депутаттары демилгелеп чыккан мыйзам негиздүү болчу. А булар “жок, биз эл аралык уюмга киребиз, бизди текшергенге акысы жок” деп келатышат. Бул туура эмес. Аларды мыйзамга баш ийдириш керек. 98-жылдан бери мыйзамы өзгөртүлбөйт. Андан бери Кыргызстанда канча мыйзам өзгөрдү? Булар эски мыйзам менен эле жашап, эски адамдар иштеп келатышат. Иштегендердин жаш курактарын карасаң, өздөрүнүн федерация кеңешиндегилердин 70%ы пенсия курагындагылар. Жогорку Кеңеш ушулардын имаратында ижарада отурат. Төрагасы өзүнө орун басар, кеңешчи, жардамчы, катчы дайындап алып, килейген 3-4 кабинетти ээлеп отурушат. Беш кабаттуу имараттын ичиндеги калган кабинеттердин баарын ижарага беришкен. Канча деген киреше табышат? Эч кимге көргөзүшпөйт. Жабык акционердик коомдой болуп иштешкени мага жакпайт. Бир жаңсыл кылуу керек го, мезгил жетти.

-- “Манас” жана “Ош” аэропортторунун сырткы башкарууга берилип жатканы айтылды. Муну колдойсузбу?

-- Жок, албетте колдобойм. Бул дагы туура эмес иш. “Манас” менен “Ош” мамлекеттик аэропортторун өкмөт башкара албай калганы уят нерсе. Тышкы башкаруу – бул жарым-жартылай менчиктештирүү. “Манас” мамлекеттин кирешелүү акционердик коому. Эгер ал өзүн-өзү актабай калса, тыштан инвестор тартыш үчүн, кайсы бир нерсени жакшыртыш үчүн тышкы башкарууга берсе болот эле. Тышкы башкаруу деген эмне экенин көрбөдүкпү. Булар “биз Кырызстанды кара тизмеден чыгарабыз, эффективдүү кылабыз, “Манасты” эл аралык хаб кылабыз” деп атышат. Мунун баары жомок. Азыр биз аба жолдорубузду берсек, эртең “Кыргызтемиржолу” мамлекеттик ишканасын дагы акционердик коом кылып, андан ары жеке менчикке бергени жатабыз. Тышкы башкарууга аба жолдорубузду, темир жолдорубузду берип койсок, анда эгемендикке шек кетпейби? Кыргыз өкмөтү банкрот болуп турса да, коопсуздук деген маселе бар да. Ал нерсе биринчи орунда туруш керек. Ошону эске албай, менчиктештирүүнүн биринчи этабын баштап жиберишкенине караманча каршымын.

Динар ТУРДУГУЛОВА
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер