Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мээрбек Мискенбаев: “Сооронбай Жээнбековдун эртели-кеч бара турган орду – тордун арты, түрмө!”

Мээрбек Мискенбаев: “Сооронбай Жээнбековдун эртели-кеч бара турган орду – тордун арты, түрмө!”

29-июль, 13:47
2 973 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Мээрбек, Алмазбек Атамбаев менен акыркы жолу качан жолугуп, эмне деп сүйлөштүңүз?

-- Алмазбек Атамбаев менен Кой-Таш окуясы боюнча сотто жолукканбыз. Бели ооруп, саламаттыгына кабатыр болуп аткан. “Байке, сиз ден соолугуңузду караңыз” десем, “балам, менин ден соолугума кабатыр болбо, үй камагына чыкканыңарга шүгүр. А мен отурушум керек. Эң чоң катачылыгым – Сооронбай Жээнбековду, Соке досумду бийликке алып келгеним болду. Элдин алдындагы күнөөм ушу. Калгандары эч бир суу кечпейт” деп бизди шыктандырып, күч-кубат берген.

-- Асылбек Жээнбеков камакта болгону менен агасы Сооронбай алигүнчө бош жүрөт. Бул боюнча сиздин ойду угалы. Негизи камакка алынышы керекпи?

-- Мындан туура бир жыл мурун Асылбек Жээнбековдун сотторго, прокурорлорго түздөн-түз кийлигишүүсү менен бизди камакка алган. Ал учурда бир туугандарыбыз, тарапташтарыбыз, бизге жан тарткан, адилеттүүлүктү туу туткан карапайым адамдар “Боштондук! Үй камагына чыксын!” деген таризде соттун алдында, аянттарга митинг кылышкан эле. Чынын айтсам, асмандан Кудай баарын таразалайт. Күнөөсү жок адамды зулумдук менен отургузуп койгондун жообу болбой койбойт. Эми өзү камакта! Учурда Асылбектин тарапташтары “Боштондук! Үй камагына чыгарылсын!” деп ар соттун алдына чыгып атышат. Табалаган жокмун. Асылбекке эч бир жамандык каалабайм. Болгону сабыр тилейм. Ал эми Сооронбай Жээнбеков боюнча айтсам, Алмазбек Атамбаев бул адамга жана алардын үй-бүлөсүнө эмне деген гана жакшылыктарды кылган жок: губернатор, министр, премьер-министр, спикер, посол, акыры Соке досун президент кылды... Аягы эмне болду? Алмазбек Атамбаевди түрмөгө тыгып койду. Адамгерчиликке, Кудайга жакпаган иш кылды. Эми караңыз, иниси Асылбек соттолуп атса, агасы Сооронбай бир ооз сөз айтып койгонго жараган жок. Муну кандай түшүнсөк болот? Ооба, азыр бош жүрөт. Бирок, бош жүргөнү курусун, түрмөдөн да жаман азап чегип атат, мындан өткөн кордук барбы? Ошон үчүн элине, жерине, досуна кыянат кылбаш керек. Мындан кийин өмүр бою ээн-эркин көчөдө баса албай турган абалга кептелди. Ал эми Атамбаев түрмөдө отурса да эл арасында кадыр-баркы күндөн-күнгө көтөрүлүп, сый-урматка ээ болуп атат. Сооронбай Жээнбековдун эртели-кеч бара турган орду – тордун арты, түрмө!


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер