Ойт берген жагынан озунган Осмоновдор баардык бийликти алдай беришеби?
Саясатка шектүү жүз менен келген Айбек Осмонов “Биздин Кыргызстан” аттуу партияны шаардык кеңештердин шайлоосуна алып чыкты. Буга чейин “Мекеним Кыргызстан” менен “Ыйман Нуруна” аты аралашып, агасы Нурбек экөө каржылап келгени айтылып, эми жүздөрүн буруп кетишкени кандай? Улам бир келген бийликке жагынып отурушуп, “Ихлас” ж.б. күмөндүү бизнестерин дүркүрөтүшүп, натыйжада, саясаттан да акча жасоого киришкен кербездериби? Бул саам опурталдуу болчудай. Эчендеген “катталар” акчанын артынан чоң оюнга аралашып, талкаланышып, арты түрмөлөрдө отурушат. Кечээ Жантөрө Сатыбалдиевди, Икрам Илминовду, Райымбек Матраимовду, Алмазбек Атамбаевди, Сооронбай Жээнбековду сатып кетишкен Осмоновдор азыркы бийликти да адаштырууга белсенишсе, алаңгазар ойлору ишке ашпай, ашмалтайлары чыгып калышсачы? “Мекеним Кыргызстан”, “Ыйман Нуру” элден четтеп калса, кызык, Осмоновдор орошон бекен? Натыйжада, “Биздин Кыргызстан” деп партия ачышып, келечекте мамлекеттин атын булгаганга баратышабы? Сыягы, чоң саясатка чалды-куйду мүнөздө кирип келатышат. Ала салып кетишсе арка-моюндары кантет ыя?
А баса, “Ихластын” курган үйлөрү жарака кете баштаганы, жерлерди мыйзамсыз алганы ыраспы? Бул суроого укук коргоо органдары кызыгып көрсө...
"Азия Ньюс" гезити