Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Амалданган министр Кайрат Иманалиев концепция жаздырды. Суу кечпейт!

Амалданган министр Кайрат Иманалиев концепция жаздырды. Суу кечпейт!

04-июнь, 12:50
1 813 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясатын жөндөй албай жаткан  министр Кайрат Иманалиевдин жетекчилиги астында “Инсандын руханий, адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” концепция иштелип чыгып, президент Садыр Жапаровго сунушталды. 

Кыргызстанда сайда саны, кумда изи калбаган программалар көп эле жазылды. Мисалы, өткөн жылы билим берүү министри 40 жылга өнүгүү программасын сунуштаган, алты ай иштеген министр Алмаз Бейшеналиев болсо “2030-жылга чейин” деп программа иштеп чыккан. Ай жүздүү, айча бел, кылтыңдаган аспиранткаларды имерген, кашка баш профессорлордон жумушчу топ түзүп, программа, концепция (!) дегенди каалаганча жаза берсе болот. Бирок, ошондон бир нерсе чыгабы?

Кечээ эле шалактаган шоу жылдыздарына төрүн берип, 24 саат элдин башына чай кайнаткан КТРКны башкаргандардын бири, бүгүнкү министр Кайрат Иманалиев жетектеген топ иштеп чыккан концепция тууралуу бир-эки ооз сөз. 

“Жалпы адамзаттык баалуулуктар, адам укугу, адам эркиндиги, эмгекке тарбиялоо, эстетикалык тарбия”. Муну Кайрат Иманалиев баштаган топ ойлоп тапкан жери жок да, булар жалпы сөздөр. Концепцияда мындай суу сөздөр өтө эле көп, кадам сайын чалына бересиң. Ал темада конкреттүүлүк жетишпейт. Программа болобу, концепция болобу, ал реалдуу проблеманы чечүүгө багытталышы керек. 

Мына, көп жылдардан бери эле “мигранттар жылына 2,5 миллиард АКШ долларын Кыргызстанга которуп, ал ИДПнын 35 пайызын түзөт” деп өкмөт жарыя кылып, алар жөнөткөн акчаны өкмөт өзү тапкандай эле мактанып айтып жүрөт. Бирок ошол мигранттардын көйгөйлөрүн ойлогон эч ким жок. “Эшектин күчү адал, сүтү арам” дегендей эле кеп. Болбосо, азыр Кыргызстанда 100 миңге жакын бала ата-эне мээримин көрбөй, тарбиясын албай чоңоюуда. Айрым мектептердин окуучуларынын тең жарымын мигранттардын балдары түзөт. Кайрат Иманалаиев президентке жагыныш үчүн, жакшы көрүнүү амалында кооз сөздөр менен жазган абстракттуу концепциянын кимге кереги бар? Ал баары бир иштебейт. Эгер андай “акылдуу программа” жазылыш керек болсо, бозала болуп, эне-атасын сагынып, кыйналып жаткан 100 миңдеген мигранттардын балдарын руханий, адеп-ахлактык жагынан тарбиялоо, билим берүү проблемасына арналышы зарыл. Себеби,  алар – Кыргызстандын эртеңи. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер