Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Качып кеткен Жунушалиев “Азия Ньюс” гезитинен 300 миң сом өндүрдү. Кайсы соттор көмөктөшкөн?

Качып кеткен Жунушалиев “Азия Ньюс” гезитинен 300 миң сом өндүрдү. Кайсы соттор көмөктөшкөн?

24-апрель, 20:22
1 129 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Өткөн жылдын 5-6-октябрь күндөрүндөгү башаламандыкка себепчи болгон, Үмүтбектин өлүмүнө жана жүздөгөн жарандарыбызды жарадар кылып кеткен ИИМдин андагы башчысы Кашкар Жунушалиев издөөгө алынганы менен эч кандай жоопкерчилик тарткан жок. Кой-Таш окуясында да бейкүнөө жарандарды сабатып, жарадар кылганы боюнча сот отурумдарына келбей, “куйругун түйүп” жүргөнү белгилүү. Бул дүйнөдө зордук кылып, залакасын тийгизген адамдар акыры жазасын алышат. 

“Азия Ньюс” гезити башында эле көзачыктык кылыптыр. Биздин божомолдорубуз, сын-пикирлерибиз убагында бааланбаганы менен Кашкар Жунушалиевдин ким экенин мезгилдин өтүшү менен тастыктап берди. Каражолтой министр катары иштей албасын, элге кедери тийерин алгач эле ачыктаганбыз. “Кашаң кашкар”, “Кашкар крысабы?” деген макалаларда анын жүзүкаралыгы тастыкталган. Экс-министр ачык сындоого чычалап, “Азия Ньюс” гезитин жана башкы редакторубуз Асланбек Сартбаевди сотко берип, 10 миллион сом өндүрүп алууга киришкен болчу. Бир жарым жылдай соттошуп, акыры биз 300 миң сомго утулдук. Жогорку сотко чейин жарандык ишибиз каралган. Агездеги Сооронбай Жээнбековдун бийлигинин соттору кыйла эле кысым кылганы эсибизден кетпейт. Алар: Т.Абдиева, Б.Толубаева, Н.Ильязова, Д.Молоев, К.Осмоналиев, Б.Батыралиев, К.Джунушпаев. Дал ушул аты аталгандар Октябрь районунан баштап, Бишкек шаарынын жана Жогорку соттун судьялары. Бул фемида өкүлдөрү адилетсиз, мыйзамсыз чечимдерди чыгарышып, гезиттин ишин токтотууга кыйла аракет жасагандар. Акыры мындай соттор мүдүрүлөрү, убагы келгенде жаза алышарына ишеним күч. “Чапкан сайын көз чыкпайт” дегендей, кыянаттык, зулумдук кылгандардын тагдырлары жарга асылып келгенине күбө болуп атабыз.

Ошентип, Кашкар Жунушалиев качып кетсе да, жарым жылдай убакыттан бери сот аткаруучуларга жактоочусу аркылуу арыз жаздырып, “Азия Ньюс” гезитинен 300 миң сом өндүрүп алууга жетишти. Мындай аракет эркин басма сөздү муунтуу катары бааланат!

Жыйынтыгында, Кашкар Жунушалиев министр кезинде жазыксыз Үмүтбектин өлүмүнө, о.э. ондогон жарандарыбыздын майыптыгына себепчи болуп, акыры эл карай албай бекинип жүргөнүн кантип жашырабыз? Бийлик качан жазалайт?


“Азия Ньюс” гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер