Бактысы “батектей” Ногойбаевдин баласы
Кызык эй! “Бактылуу чочконун мурдунан бок кетпейт” деген кеп бар. Анын сыңарындай, Азамат Ногойбаев ИИМдеги бир катар жетекчилик кызматтарды аркалап келатат. Бирок ишиндеги жарытылуу ийгиликтерди көрө элекпиз. Бишкек ШИИБни аркалап турганда, көпчүлүктү нааразы кылуу менен митинг-пикеттердин өтүшүнө себепчи болгон. Улам сөгүш алып атып, кызматынан которулуп кеткен эле. Натыйжада, айланып келип ИИМ академиясына конуп калды. Практиканы кыйратпаган, эми теорияны жарытабы? Логикасыз. Убагында атасы Болотбек Ногойбаев өстүрүп, көтөрмөлөп, жасалма түрдө карьералык секирик жасатып, акыры ушу күнгө жетти. “Ата баркы менен кыз өтөт, соодагер баркы менен бөз өтөт” дегендей да. ИИМ академиясы генералдык кызмат эмеспи. Азамат Ногойбаев ишин кыйратпаса да чоңдорго жагып, акыры генерал-майор наамын алууга баш урдубу? Акырындык менен ошол багытта бараткандай. Кыскасы, Ногойбаевдин баласынын бактысы “батектей” экен. Көрө жаталы. Дайыма эле оңдой-берди боло бербес, үзөңгүдөн бут тайыган күн да келет. Ошондо татыктуулар баш көтөрсө керек...
"Азия Ньюс" гезити