Акыркы кабарлар
» Шоу-Бизнес » Гүлнур Асанова: “Азыркы учурда адамдардын көпчүлүгү өзүн башкалардан бийик, идеалдуу сезет”
Гүлнур Асанова: “Азыркы учурда адамдардын көпчүлүгү өзүн башкалардан бийик, идеалдуу сезет”
05-апрель, 11:47
1 010 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Ырчы Гүлнур Асанова өзүн идеалдуумун деп эсептеген адамдар тууралуу пикирин бөлүштү. Бул тууралуу ырчы айым социалдык баракчасына жазды:
“Мен адамдар менен баарлашканда ушул нерсени көп байкайм. Азыркы учурда адамдардын көпчүлүгү өзүн башкалардан бийик, идеалдуу сезет. Кемчиликтерин мойнуна алгысы келбейт. Аны карап, “мейли эми, сеники туура” деп кетүүгө аргасыз болосуң. Себеби, бир сөз айтсаң, жообу миң сөз болуп кетиши мүмкүн. Ал эми ал адам өзүн андан бетер идеалдуумун деп калат. Урматтуу идеалдуулар, билесиңерби ким идеалдуу? Мен же сиз эмес! Идеалдуунун идеалдуусу – бул пайгамбарыбыз Мухаммад САВ. Андан көрө азыр сиз окуп жатсаңыз, пайгамбарыбызга бир салават айтып өтүңүз! Аллах сизге ыраазы болсун!” деп жазды ырчы.