Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ырчы Неля ачкарын суу ичүүнүн кереметтери тууралуу ой бөлүштү

Ырчы Неля ачкарын суу ичүүнүн кереметтери тууралуу ой бөлүштү

03-апрель, 14:19
2 589 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ырчы Неля Нуркулова социалдык баракчасына суу ичүүнүн пайдалары тууралуу пост бөлүштү.Төмөндө ага көз жүгүртсөңүз болот.

“Ачкарын суу ичүү эмнеге жардам берет?

Адамдын организми 65 пайыз суудан турат. Ал эми сууну туура ичүү көптөгөн көйгөйлөрдү чечүүгө көмөктөш болот.

Маселен, эртең менен туруп бир стакан суу ичип алсаңыз, ал төмөндөгүдөй жыйынтыкка алып келет:

Ашказанды иштөөгө даярдайт.

Организмди шлак жана токсиндерден тазалайт.

Айрым учурда ичиңизди алып кетет.

Организмдин суюктук балансын жандандырат.

Ашыкча салмактан арылууга жардам берет.

Зат алмашууну ылдамдатат.

Суу организмге пайда алып келүүсү үчүн кантип туура ичүү керек?

Кайнатылбаган, таза суу ичүү керек. Сууну сок, кофе, чай, сүт ж.б.у.с. нерселер менен аралаштырып ичүү болбойт.

Алар суунун пайдалуу эффекттерин жокко чыгарат.

Эң негизгиси фильтирленген, газы жок минералдык суу ичүү керек.

Ачкарын суу ичкен соң, дароо эле артынан тамактанууга өткөнүңүз туура эмес.

Суу ашказанга баргандан кийин ал өз функциясын аткарып бүткүчө 45 мүнөт керек.

Ал эми иче турган суу жылуу болуусу шарт. Болжолдуу түрдө 25-40 градус. Муздаткычтан алып чыгып, дароо иче турган болсоңуз, ал ашказаныңызды сезгентип, ооруга чалдыктырат.

Сууну шашпай, аз-аздан ууртап ичүү зарыл. Алгач 1 стакан ичип, андан соң 5–10 мүнөт өткөрүп, дагы бир стакан ичип койсоңуз болот.

Пайдалуулугун жогорулатуу үчүн сууга эмне кошуп ичсе болот?

Эгерде ачкарын суунун өзүн ичүү сиз үчүн жагымсыз болсо, анда ага даам берүү үчүн бал, лимон колдонсоңуз болот.

Сууну ичкенден кийин артынан 1 чай кашык бал жеп коюңуз. Мындай ыкма сасык тумоо, суукка урунуп калуу сыяктуу илдеттерди алдын алат. Айрым учурда тери ооруларын жакшыртып, организмди энергияга толтуруп, көңүлүңүздү көтөрөт.

Ал эми лимон кошо турган болсоңуз, суунун ичине 1-2 кесим лимон бөлүкчөсүн салыңыз”,-деп жазды ырчы айым.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер