Айпери Кубик кызы: “Альхамдулиллах, 3-наристемди күтүүдөмүн”
Ырчы Айпери Кубик кызы жакында “Тай-тай” деп аталган балдар клибин тартып, күйөрмандарына сунуштады. Ошондой эле учурдагы жагдайлары тууралуу маалыматты социалдык баракчасына бөлүштү.
“Альхамдулиллах, 3-наристемди күтүүдөмүн. Ошол себептен көп активдүү боло албай жаткан учурум. Чынын айтсам, бул ирет кыялым башкача. Оор болуп, эч нерсе кылгым келбей, уктап эле жатсам дейм. Эки уулумда тең так секирип тойлордо кызматта элем. Азыр шүгүр, көп эркелеп жатам. Балдарыма көп убакыт бөлүп, балдарым менен эле болуп жатам. Өзүм да бала болуп калдым. Дал ошол себептен да жаңы "Тай-тай" аттуу балдардын клибин тартууладым окшойт. Катталуучуларым, капа болбой, боюнда бар эрке айымды түшүнүп туруңуздар! Буюрса, активдүү болууга аракет кылам” деп жазды постуна ырчы айым.