Акыркы кабарлар
» Шоу-Бизнес » Асел Кадырбекова карылар үйүнө барып, жашоосундагы жаңы тепкичин жазды...
Асел Кадырбекова карылар үйүнө барып, жашоосундагы жаңы тепкичин жазды...
20-март, 14:45


Ырчы Асель Кадырбекова 19-мартта 30 жашка толуп, туулган күнүндө карылар үйүнө барды. Бул тууралуу ырчы кыздын соцтармактагы баракчасына жазды.
Ырчы кыздын айтымында, ал кырсыкка кабылып, оор абалда жатканда жалпы элдин жана карылардын батасы кайрадан бутуна туруп, сакайып кетишине себеп болгон.
“Менин эми мындан аркы жакшы жашоомдун жаңы тепкичи ушул болсун. Баарыңыздарга чооң ыраазычылыгымды билдирем”, - деп жазда ырчы.
Карылар үйүнө ырчы кыз өкүл апасы Неля жана жакындары менен бирге барган. Белек-бечкеги, тамак-аш, татуу даамдары менен барып, карыялардын батасын алуу менен туулган күнүн тосуп алды.











