Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эл энесине айланган Жамал Сейдакматова арабыздан кете берди...

Эл энесине айланган Жамал Сейдакматова арабыздан кете берди...

22-февраль, 12:16
3 074 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргыз сахнасындагы эң алгачкы “Махабат жылдызы” мюзиклин Жамал эже жетектеген “Тунгуч” театры сахналаштырып, көрүүчүлөргө тартуулашты. Ошол мюзиклга кызыгып, Жамал эжеден биринчи ирет маек алганым эсимде. Андан бери бир топ ирет Жамал эже менен маек куруп, кызыктуу тагдыр ирмемдерин чагылдырууга мүмкүнчүлүктөр болду. Сахнага коюла турган жаңы чыгармалар болсо, эже унутпай чакырып калар эле. Эженин 70 жылдыгын утурлай алакандай куттуктоо жазсам, жетиналбай кубанып, “менин бүтүндөй өмүрүмдү алакандай кагазга батырып жазыпсың. Кээ бирлер канчалык көп жазбасын баары бир оюн жеткире албайт. Купулума толо бербейт” деп ак батасын бергени эсимден кетпейт. Төмөндө ошол куттуктоо. 

“90 жаштагы ак чачтуу эне отурат. Жымжырттыкта, үнсүздүктө. Көздөрүнөн,  жүрөгүнөн суудай аккан жылдар, айлар, күндөр, өмүрүндө кезиккен адамдар, тагдырлар сызылат. Көзүнөн көз жаш сызылат.

Ооба, бул образды жакында эле Жамал Сейдакматова эже өзү режиссер болуп тарткан «Тагдырдын өгөй балдары» фильминде жаратты. 70 жылдык мааракесин утурлай жаратты. Фильм аркылуу 70 жашындагы насаатын, жүрөгүн эзген ойлорун элге жеткирди.

Кыргыздын дөө-шаалары элестерин калтырып кеткен керемет кинолорубузда ондогон, театрдагы спектаклдерде жүздөгөн ажайып образдарды жаратып, ар бир кыргыз кулунунун жүрөгүнө сиңген, ошол эле өтүп кеткен дөө-шааларыбыздын бириндей улуу актриса, кыргыз сахнасынын эле эмес бүтүндөй эл энесине айланды. 

Дайыма алдыга умтулуп,

Издөөнүн жолунан кетпедим.

Бир далай кырларга чыксам да,

Эң бийик чокуга жетпедим.


Умтулсам жүрөгүм жагылып,

Кулаймын кум менен агылып.

Жетпесем жетпесмин а бирок,

Өтөөрмүн чокуну сагынып.

Ооба, бул Жамал эженин жакшы көргөн ыры. Кудум жашоодогу девиздей. Жамал эже эчак эле бийик-бийик чокуларга жеткен. Чокуларды багынткан. Курманжан датка да болду. Каныкей, Дездемона, Эркайым ж.б. жүз башка аялзатына кубулду. Башынан жүз башка тагдырды кечирди. «Алыскы тоолордон» тушоосун кесип, “Уркуя”, “Улан”,“Ак илбирстин тукуму”, "Караш-караш”, “Тянь-Шандын кызы”, “Алтын күз” ж.б. кинолордо кейипкерлердин элестерин эң сонун келтирди. 

Кыргыз эл артисти, Токтогул сыйлыгынын ээси жана башка жүздөгөн сыйлыктарга ээ болду. Ар бир кыргыз баласынын жүрөгүнө кирип алганычы! Бирок «эң бийик чокуга жетпедим» дейт. Назик жүрөгү бүтүндөй эл көйгөйүн ойлосо, күн санап каптап келе жаткан рухий ачкачылыкты ойлосо, жанын коёрго жер таппай чыйпылыктайт. Акырында эмне демекпиз? Сиз элибиздин кутусуз. Байлыгысыз. Чокуну көздөй умтулуп отуруп, жүз жылдыгыңызды белгилейли!” деген жакшы тилектерди жолдоппуз. 

Бирок эл энесине айланган Жамал Сейдакматова арабыздан кете берди. Жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун! 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер