Нуржигит Кадырбеков Самара Каримованын кантип кеткени тууралуу үн катты


“Салам алейкум, урматтуу замандаштарым! Белгилүү ырчы кыздын Ош шаарындагы музыкалык окуу жайга жетекчи болуп дайындалышы боюнча бир топ резонанс болду. Министрликке жана мага карата ачуу сындар айтылды. Бир топ окурмандарым жана угармандарым жеке баракчама жазышты. Ошого байланыштуу маалымат берейин.
Биз мыйзамды сыйлап, соттун чечимин аткардык. Сот жараянына катышкан юристтин жана кадр маселесин тейлеген статс-катчынын жүйөсүн угуп, маселени таразалап буйрук чыгардык. Бирок, коомчулукта бул чечимди колдогондордон сындагандар көп болду. Окуу жайдын жамааты да жаңы жетекчини кабыл алган жок.
Биз эл-журтубуздун пикирин сыйлайбыз. Эл менен элбиз. Деген менен, коомдук пикирди негиз тутуп, чечкиндүү кадам кылганга эмгек мыйзамы жол бербейт экен. Маселени тез жана биротоло чечүүнүн бир гана жолу бар эле: Самара Каримова өзү арыз жазып, кызматтан баш тартышы керек болчу. Биз ушул багытта аракеттендик. Кудайга шүгүр, бул жыйынтыгын берди. Самара Каримова арызын жазды. Аны кызматтан бошотуу боюнча буйрукка мурдагы күнү кол койдум. Ордуна окуу жайдын жамаатынан жаш, билимдүү кадрды үч айлык сыноо мөөнөтү менен дайындадык.











