Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Анжелика: “Жаздыкты катуу кучактап ыйлаганымдан, эч жерим ооруганын да билбей калдым”

Анжелика: “Жаздыкты катуу кучактап ыйлаганымдан, эч жерим ооруганын да билбей калдым”

27-январь, 12:05
2 029 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ырчы Анжелика Кайратовна үч кызы үч башка ооруканада жатканын айтып, кыздарынын жана өзүнүн өмүрүн сактап калган дарыгерлерге ыраазычылыгын билдирди.  

“Кырсыктап калдык. Үч кызым үч башка ооруканада. Айлиним экөөбүз кол кармашып алып, бири-бирибизге жардам берип жатабыз. Айымам, Элимамды сагындым. Айымамдын колу, буту, бели сыздап жатат. Жаным, мен үчүн баарыңар кичинекейсиңер. Жаныңарга бара албай минтип жатам. Элимамды кырсыктан кийин биринчи көргөндө жүрөгүм түшкөн. Бир бети көгала, башы шишиген. Белим чачырап жатса да кыйкыра албадым, кыздарымды коркутуп албайын дедим. Аябай чыдамкай кыздарым өсүп келе жатыптыр. Аман болгулачы, ананайындарым!

Кыздарым менен видео чалуу аркылуу бир аз гана сүйлөшкөнгө уруксат берип жатат. Түнү менен кыйналып жатабыз, бул күндөр батыраак эле өтүп кетсе экен. Ал эми Айлинимдин бутун Түптүн ооруканасынан рентгенге тартып чыгарып беришти. Жаздыкты катуу кучактап ыйлаганымдан, эч жерим ооруганын да билбей калдым. Тизеден өйдө балта менен чорт кескендей көрүнүш – кызымдын буттары экенине ишенгим келген жок” деп жазды ырчы.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер