Актилек Гүлжигит кызы: “Сүйүү – бул кымбат автоунаа, үч кабаттуу үй же бриллиант шакек эмес»
Теле жүзү Актилек Гүлжигит кызы бүгүнкү адамдар эмнеге кызыгарын өз баракчасында чечмеледи:
“Эмне үчүн биз “кымбат жашоосун” мактангандарды кумир тутуп калдык? Эмне үчүн биз бай эркектерди “колго алган” айымдарды “азамат экен! Колуңдан келсе жетип ал!” деп калдык? Кийген кийимге, жеген тамакка, жашаган үйгө баа берип суктанган кандай муун өсүп келе жатат? Жаштар тургай улуу муундун өкүлдөрү деле “ой, тиги азамат экен, бай эркекти кармаптыр!” деп калды. Акыркы учурда ушул сөздү көп укмай болдум. Бул кандайча түшүнүк?
Качан чыныгы таланттуу, билимдүү адамдарга суктанып үйрөнөбүз? Кыргызда ушунчалык жөнөкөй, ушунчалык таланттуу, ушунчалык билимдүү, акылын уурдай турган инсандар абдан көп.
Кыргызстан эгемендүүлүгүн качан алгандыгын билбеген “жылдыздардын” кайсы акылын уурдашат? Алар эмнелер жөнүндө жазышат, мисалы? Алар кыргыздардын басып келген жолуна, биздин эл кайсы улуттар менен тектеш экендигине, кыргыздын гаплогруппасы кандай экенине, эмне үчүн Чыңгыз Айтматов “Тоолор кулаганда” чыгармасын татаал сюжеттик линия менен жазгандыгына, заманыбыздын белгилүү философу Ноам Хонскийдин “Культ государства” китебине кызыгуу эмне үчүн күчөп жаткандыгына, эмне үчүн англис тилдүү психологдор Ф.Достоевскийдин чыгармаларынын оригиналын окугусу келерине, Освальд Шпенглердин “Закат Европы” деген китеби бүгүнкү күндө эмне үчүн актуалдуу болуп жаткандыгына, XXI кылымдын залкар композиторлору кимдер экендигине кызыгышпаса деле керек...
Сүйүүгө келсек. Сүйүү – бул кымбат автоунаа, үч кабаттуу үй же бриллиант шакек эмес. Сүйүү – бул кыш чилдеде балмуздак жеп, үшүгөнүңдү билдирбей эс алуу багында жетелешип басуу... Сүйүү – бул аялдамада дилдиреп автобус күтүү... Сүйүү – бул нөшөрлөгөн жамгырда калып, бир күрмөгө баш катуу... Сүйүү – бул ээрчишип алып, бүт шаарды жөө кыдыруу... Сүйүү – бул ысык-суукка карабай таң атканча сүйлөшүп отуруу”.