Калипа Усенова: “Жалгыздыкта сейилдеп, жаратылышта болууну жактырам”


Маектешибиз чыгармачылыкта образ жараткан сулуу актрисалардын катарын толуктайт. «Кумар», «Сен эмне кылмаксың?», «Сүйүү жазы», «Ажар» ж.б. тасмаларда, көптөгөн ырчылардын клиптерине тартылып, чыгармачылык жолдо келе жаткан актриса Калипа Усенова бизге акыркы жаңылыктары тууралуу кеп салып берди.
-- Калипа, чыгармачылыктагы жаңылыктарың менен бөлүшсөң? Акыркы күндөрү көп көрүнбөй кеттиң, кандай жаңылыктарың бар?
-- Чыгармачылыкта сиз билгендей, “Такебай 2” тасмасында роль жараттым. Буюрса азыр кинотеатрларда көрсөтүлүп жатат. Жакында режиссер Руслан Акундан дагы менин катышуум менен жаңы тасма чыгат. Баары жакшы. Акырындап убактымды чыгармачылыка арнап жүрөм.
-- Үй-бүлөңдө кандай жаңылыктар болууда? Элина кызың чоңоюп калдыбы?
-- Жаңылыгым – үчүнчү жолу төрөгөм, уулум бир жаштан ашты. Азыр ошо наристелериме энелик мээримимди берип, аларга алтындай убактымды көбүрөөк арнап жүрөм. Кош бойлуу кезде аябай оор болуп, чыгармачылыгым да ошол себептен солгундап кетти го...
-- Жаңы тасмалар, образдарың жакшы экен. Жаңы сүрөттөрүң да керемет болуптур...
-- Сүрөттөрдү жаңы журналга даярданып аткан элек, кыргыз тасмалар боюнча. Анан пандемияга кабылдык, андан башкалары да болуп кетти...
-- Кыргыз айымы үчүн жашоонун маңызы эмнеде?
-- Ар бир айымга, албетте, үй-бүлө, балдар гана жашоонун кубанычын тартуулайт. Балдарыма татыктуу эне болуу жана тарбиялуу кылып чоңойтуп, эрезеге жеткирүү менин жашоо маңызым.
-- Чыгармачыл адамдар буулугуп турат эмеспи. Андай учурда кантесиң?
-- Жалгыздыкта сейилдеп, жаратылышта болууну жактырам. Кайсы мезгил болбосун табигат, таза аба буулуккан көңүлүмдү жадыратып коёт...
"Азия Ньюс" гезити











