Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Анжелика: “Эркинге кошулуп, мен дагы сыйлыгымды тапшырып берем”

Анжелика: “Эркинге кошулуп, мен дагы сыйлыгымды тапшырып берем”

15-январь, 14:00
7 198 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ырчы Анжелика да эки сахналашын колдоо максатында "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгисин тапшырып бермей болду:
 
Эки кесиптешим үчүн кечирим жалпы элден сурайм. Күнөөлүүнү күнөөлүү деш керек! Мен дагы башында ыплас сөздөр менен коштолгон көрсөтүүнү атактуулардын оозунан чыгып жатканын көрүп, демек, булар бизге күндө сөгүнүп жазган комментарторлордун катарын толуктагандардан турбайбы деп, ойлонуп калгам. Себеби, бизге күндө укмуш сөздөрдү жазган адамдар жан кейите капаландырат. Көрсөтүүнүн мазмуну: бир алып баруучу алдын ала каарманга жазылган кептерди окуйт экен. Жалаң болгон тешик жана дене органдары тууралуу, адамдын жыныстык ориентациясына асылуу, шылдыңдоо. Кайрат жөн жерден илинип калды. Ал дагы каарман болуп барып, айла жок, чычалабастан кошо күлүп кутулган. Куралдын мындан мурун дагы катталуучуларына колун көрсөтүп, “мына силерге” деп пост менен хейтерлерге кайрылган. Мен катталуучу катары ортончу кызым менен инста карап жатып, аны көрүп калдым. Демек, жаштардан баштап, улуу муун интернетте отураарын, менталитет башка экенин эсибизге тутушубуз керек. Эл жаман жазса дагы, бир ойлонуп, сабырдуулук менен ишке алаксып жеңиш керек экен.
 Ал эми сыйлыктарды алса
, эртенки күн дагы бар! Чыгармачылыгыңарды курчутуп, альбом чыгарып, концерт берип, элдин силерге болгон сүйүүсүн көрсөткүлө. Эмгек сиңиргенди эки-үч ыры бар ырчылар деле алып, өмүрүн маданиятка арнагандар четте калып кетип жатпайбы. Америкада мындай сыйлыктары жок эле ырчылар дүйнө жүзүн багындырып келе жатышат. “Маданият кызматери” деген төш белгини мен 12 жыл мурун алгам, Эркинге кошулуп, аны тапшырып берүүгө даярмын. Эгерде маданият министрлик бизге көңүл бөлүп, жолугуу уюштуруп, таанышып, алдыга пландарды жазып, кайрымдуулук, мамлекеттик концерттерди, иштерди чогуу жасайлы деп, келгиле минтели деп туура жолго салуу, маданиятка чакыруу болуш керек болчу!
 Андан дагы чоң проблема - бул Ф
ейктер! Фейк баракча менен сайт ачып, журналисттин терисин жамынып, ар кайсы ушактарды жазып, элди жинди кылып кырылыштыргандар! Биздин атыбызды сатып, карапайым элди тоногондорду кармап, жазасын бериш керек. Азыр сен жаман, мен жаман деген заман эмес. Реалдуу болуңуздар! Улутубузду, тилибизди кор кылбайлы! Суранам, жаман сөз жазбайлы, эч бир баракчадагы сасык маалыматтарга! дейт ал.


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер