Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Самара Каримова: “Буюрса кайра Оштогу музыкалык окуу жайга директор болуп барам”

Самара Каримова: “Буюрса кайра Оштогу музыкалык окуу жайга директор болуп барам”

13-январь, 19:29
2 776 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Самара Каримова жакында жакшы кызматка отуруп, эми эмгек жолун  мамлекеттик кызматкер катары  улай турганы тууралуу маалыматтар тарап кеткен. Бир топко чейин жооп кайтарбай келген Самара Каримова  кызматка келе турганын өзү ачыктады.

“Ооба, басылмадагы  маалымат чын. Мени мыйзамсыз иштен алышкан. Андыктан министрликти сотко берип, утуп алдым. Соттун расмий чечими чыкты. Буюрса кайра Оштогу Ныязаалы Борошев атындагы музыкалык окуу жайга директор болуп барам. Министр мени кызматка коюуга милдеттүү. Мени жөн жерден кызматтан алып койгон болчу. Ал эми жазылып жаткан нааразы пикирлердин баарын бирөө буюртма берип жатат. Ар ким колунан келген ишти жасай берсин. Мен эч кимге жамандык каалап, бут тоспойм” дейт ырчы.

Эске сала кетсек, 2018-жылы Самара Каримова Оштогу Ниязаалы Борошев атындагы окуу жайга директор болуп дайындалып, бирок, коомчулуктун нааразычылыгынан улам министр тарабынан иштен алынган.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер