Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бек Борбиев: “Курал, Кайрат инилерим кыргыздын желегин далай желбиретишет”

Бек Борбиев: “Курал, Кайрат инилерим кыргыздын желегин далай желбиретишет”

13-январь, 19:25
3 196 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Белгилүү ырчы Бек Борбиев дагы сыйлыктарын алдырып жаткан ырчыларды коргоп үн катты.

“Курал, Кайрат инилерим үчүн коомчулуктан кечирим сурайм. Россиянын «Прожарка» берүүсүн туураганга аракет кылышыптыр. Бирок бизде менталитет башка, биздин эл мындайды аш кылган эмес жана кылалбайт. Ооба, сөгүнгөндү ким билбейт, баарыбыз билебиз. Өзгөчө мага окшогон Торкендин суусун ичкен, интернаттын кашасын жеген, Советтик Армияда кызмат өтөгөндөр жакшы эле билебиз. Бирок ал «талантты» эл алдына алып чыгуунун кереги жок эле.

Достор, бул долбоор АКШдан башталып, дүйнө жүзүнө таркап кеткен. Бүгүн биздин жигиттер ойлоп тапкан жери жок, ошолорду тууроо гана аракети. Андыктан кечиримдүү бололу. Биздин бул жигиттер кыргыздын желегин дагы далай жерде желбиретишет. Ал эми сыйлыктарын алабыз дегени боюнча оюмду айтайын. Маданият министрлиги менен шоубизнес тармагы 30 жылдан бери кошулбаган эки башка тармак. Бул маселени эстрада өкүлдөрү жакшы билебиз. Министрликтин өлкө боюнча миңдеген кызматкерлери, башка иштери толтура, ошолор менен алек болсун, абдан көп көйгөйлөрү бар.

Ал эми Курал, Кайрат коомчулуктан жонуңарга камчыны алдыңар. Эми чыгармачылык менен алектенип, угарман, күйөрмандарыңарга тарбия таасири зор, махабатты даңазалаган ырлардан жаадыргыла. Мүдүрүлбөс туяк, жаңылбас жаак болбойт. Алга!”

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер