Акыркы кабарлар
» Шоу-Бизнес » Эркин Рыскулбеков: “Кайрат менен Курал үчүн баардык сыйлыктарымды тапшырып берем”
Эркин Рыскулбеков: “Кайрат менен Курал үчүн баардык сыйлыктарымды тапшырып берем”
13-январь, 12:16
14 411 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Алып баруучу Эркин Рыскулбеков ырчы Кайрат Примбердиев менен Курал Чокоевди наамдарынан ажыратуу демилгеси тууралуу үн катты.
Ал ырчыларды сыйлыктарынан ажыратуу туура эместигин, эгер аталгандай кадамга барышса, ал өзүнүн сыйлыктарын да министрликке алып барып тапшырып берерин айткан.
“Ютубдагы шоу албетте “өтө жаман” нерсе. Бирок маданият министрлиги Кайрат менен Куралдын сыйлыктарын тартып алууга аракет кылса, мен өзүм барып бардык сыйлыктарымды тапшырып берем” деп жазган алып баруучу “Твиттер” баракчасына.