Каныкей Алымбекова: «Сахна үчүн гана боёном... Катаңарды оңдогула!”


Ырчы Каныкей Алымбекова “ката кетирген болсоңор кайрадан оңдонуп, түздөнүп алдыга сапар улагыла” деген жакшы пикирин социалдык баракчасына бөлүштү.
“Мени ар дайым боёкчулар боёп жүрүшөт. Бирок өзүм боёнгондо кошмар эле болуп кетет. Негизи боегонду билбейт экенмин. Кээ бир эфирлерди көрүп алып уялып жүрөм. Жашоодо дээрлик боёнбойм, анткени бул нерсеге көп кызыга бербейм. Сахна үчүн гана боёнгонум болбосо, жашоодо боёктун деле кереги жок. Анткени адамдар бири-бирин тунук суудай болгон жүзүнөн таанып сүйөт эмеспи. Анын сыңарындай, түркүн-түстүү келбетти өзүбүз тандап алат экенбиз. Өзүңөрдү сүйгүлө, андан кийин башкаларды... Жашагыла! Эгер ката кетирген болсоңор кайрадан ондонуп, түздөнүп алып алдыга сапар улагыла. Эч качан кеч эмес жана эрте да эмес! Жашоонун өзү кызык жана миң сырдуу. Дегеним, эртең эмне болорун билбейсиң”,-дейт ырчы.











