Акыркы кабарлар
» Шоу-Бизнес » Назира Айтбекова: «Уулум атасынан жана анын аялынан кечирим сурап жиберди»
Назира Айтбекова: «Уулум атасынан жана анын аялынан кечирим сурап жиберди»
20-ноябрь, 14:11
800 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Назира Айтбекова уулунун алгачкы интервьюсу тууралуу баракчасына жазып чыкты.
«Бүгүн алгачкы интервьюсун берди. «Кыялың эмне?» деген суроого «Ата-энем жарашса! Анан чогуу мурункудай тоого барсак» деди да, кайра сөзүнөн чоочуп кетти. Атасынан, анын аялынан кечирим сурап жиберди да, монтажда өчүрүп коюуну өтүндү журналисттен. Көпкө ойлонуп отуруп, «Кайрымдуулук менен алек болгум келет. Бей-бечараларга, балдарга жардам берсем...» деди. Ох, жүрөгүмдүн тилингени! Көзүмөн жашым тегеренип барып токтоду. Турмушта көп нерсе оңой эмес экен. Сыртынан сыр алдырмаксан болгону менен ичинен көп нерсе сызганын билем…»