Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ырчыларга “чокморун” көтөрө чуркаган дааватчы Нуржигит Кадырбеков

Ырчыларга “чокморун” көтөрө чуркаган дааватчы Нуржигит Кадырбеков

18-ноябрь, 17:28
440 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Анча-мынча ыр жазган, чочугансып проза жазган, куру чечен, дааватчы, айтор, “универсал” деген атка конгон маданият министри Нуржигит Кадырбеков “расмий иш-чараларга келбеген ырчыларга чара көрүш керек” деген чечим кабыл алыптыр. Шашылыш дайындалган министр иштин көзүн билбей турганы, маданият жана искусствону түшүнбөгөнү ушундан ачык көрүнүп калды. Болбосо коммунисттик режимдин башкаруу ыкмаларын колдонуп, ырчыларга “чокморун” көтөрө чуркап, чочоңдобойт эле да. Ырчыларга маяна берип багып жатпаса, алар Нуржигит Кадырбековго көз каранды беле? Куру дымак күткөн министрдин маданият тармагын өнүктүрүү боюнча реалдуу программасы деле жок экен. “Күнүмдүк иштер менен алек болуп, келген кишилерди кабыл алып, телефон чалууларга жооп берип, дежурныйга окшоп, кылар иши жок эле отурат” дешти. 

Өзү маданият тармагынын кишиси болбосо, маданият жана искусствону ичинен билбесе, “балеттин ырчылары” деп жүрсө, бул тармакты өнүктүрүү боюнча анда кайдан идея болот? Ал кантип маданият тармагы үчүн күйөт? Ушундай адашып жүргөн кадрлар маданияттын түбүнө жетмей болду.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер