Сатаев менен Абашова уулунун туулган күнүндө Ошто майрамдашты
Ырчы түйгөйлөр Кубаныч Сатаев менен Кундуз Абашова айтылуу Ош жергесинде болуп, уулунун туулган күнүнүн алдында майрамдап келишти. Бул тууралуу Кундуз Абашова социалдык баракчасына пост бөлүштү.
“Ош, Өзгөн шаарларын кыдырып, Мырза-Акеде конок болуп, 3 күн бою сонун эс алдык. Айкөлүбүздү самолётто учуруп, туулган күн алдында атайын майрамдатып келдик. Ар дайым бийиктиктерди багындырган мыкты мырза болуп чоңойсун. Кубаныч: “Атам мени Ошко, Өзгөнгө, Мырза-Акеге алып барган. Залкар талант Рыспай Абдыкадыров атама аккордеон белек кылган” деп көп эскерет... Таң калычтуу дал келүү болду. Айкөл дагы так ошол жерлерди көрүп, көп балдар менен ойноп, чер жазып келди... Не бир сонун инсандар менен тааныштык, не бир сонун көз ирмемдер артта калды. Коноктоп, сыйлаган Рыспай аке, Талгат ага, Кенже курбума, жалпы туугандарга, досторго терең ыраазычылык. Талашканыбыз сый болсун!”,-деп жазды Кундуз айым.