Анжелика: “42 айда мага миллиондон ашык гүл белек кылдың...”
Ырчы Анжеликанын жеке мамилеси кайрадан эл талкуусунда. Ал сүйүктүүсү ар бир айдын 12си кучак толо гүл көтөрүп келерин, аны менен 16 жылдан бери тааныш экенин жана ал көп кыздар көзүн арткан бойдок жигит экенин жар салды.
“Гүлдестем менен силерди тажатсам кечиргиле! Ар бир айдын 12си мага ушундай гүлдесте келип турат. Ар бир букетти сүрөткө тартып, экөөбүздүн окуя үчүн сактап турам. 11.12.2020. Сен менден, мен сенден ушунчалык коркобуз. Ушунчалык ысык болгонубуздан бири-бирибизди күйгүзүп алуудан коркобуз. 42 айда мага миллиондон ашык гүл белек кылдың. 16 жылдан бери мени билесиң. Экөөбүз өз өзүбүзчө өзүмчүлдөрдөй турмуш кечиребиз. Сен көз арттырган бойдоксуң, мен эркиндиктеги кушмун, биз керек болсо көрүшпөйбүз деле, мына сага романтика...” дейт Бекболиева.