Акыркы кабарлар
» Шоу-Бизнес » Мас болуп кармалган Гүлнур Сатылганованы колдогондор айнып калгандарбы?
Мас болуп кармалган Гүлнур Сатылганованы колдогондор айнып калгандарбы?
30-октябрь, 19:38
869 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Элдин баары көрдү. Эл артисти Гүлнур Сатылганова ичип алып, машинасын айдап, милиция кызматкерлерине кармалган. Наркологиялык диспансерден мастыгы далилденди. Таңгалычтуусу, Сатылганованын айыбы ачылып атса, аны коргошуп, колдогон тарапташтардын мээси ордунда эмеспи? Эгерде ал бирөөнү тебелетип кетип, же кандайдыр бир чоң кырсыкка кабылса эмне болмок? Албетте, бул көрүнүш баарына сабак болушу шарт. Мыйзамга жараша жол эрежесин бузгандарга бирдей мамиле көрүлүп, тийешелүү айып пулдар төлөнүшү керек. “Атактуу да, ырчы эле” деп аяп койсок, эртең дагы ичип алып, бирөөнүн шоруна калса эмне болот? Андыктан, акылыбызга келип, мыйзамга баш ийип жүрөлү. Курулай актоодон, суу кечпеген мактоодон алыс болсок...
Aryba.kg