Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кыргызча ырдоого бөгөт койгондорго Бек Борбиев кыялын көрсөттү

Кыргызча ырдоого бөгөт койгондорго Бек Борбиев кыялын көрсөттү

22-октябрь, 16:46
1 108 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Кыргызстанда орусча ырдоого расмий уруксат берилген. Ал эми Кыргызстанда туруп эле, орусча ырдагандар кыргызча ырдоого уруксат бербегени – бул биздин элдин «жумшактыгы», башка дагы кантип түшүндүрөбүз”. Бул тууралуу ырчы, обончу Бек Борбиев социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

“Илгери, эсиңиздерде болсо, «Кыргызстан Обондору» радиосу менен иштешүүнү токтотуп, ырларымды алдыртып салдым эле. Себеби, радионун кожоюндары «обондорунун» жетекчилигине орус кызды отургузуп коюшуптур. Каршылыгым жок болчу, эгер ал кыргызча билген, кыргыз ырларын түшүнгөн болсо. Тилекке каршы, ырчыларды тааныбайт, керек болсо өтүп кеткен залкарларыбызды уккан дагы эмес экен. Радионун кожоюнуна алмаштырыңыз десем, болбогондуктан ырларымды толугу менен эфирен токтоттурдум. Менин артымдан ырчы, обончу инилерим дагы ырларын алдыра башташты.

Кийин радионун кожоюну чалып алып, “келгиле, кыргыз билимдүү кызды койдук, иштешели” деп калышты. Ошондо мен айттым эле, биз кыргыздар жумшак элбиз. Керек болсо меймандарды мойнубузга миндирип алабыз, бирок ал сыйды туура эмес түшүнүп алгандар болсо, анда биздин арабызда орун жок. Биздин тилди, улуттук баалуулуктарды шылдыңдашка эч кимдин акысы жок! Биз тирүү турганда жол бербейбиз!”, – деп жазган ал.

Эске салсак, социалдык тармактарда “Империя пиццы” караоке клубунда администратордун кыргызча ырдоого тыюу салганы тууралуу видео тарап, ал талкуу жаратып жатат.

Аталган видеодо кардар кыргызча ырдагысы келгенин, бирок, кыргызча ырларды ырдоого тыюу салынганынын себебин сураган. Кызматкерлер аларда кыргызча ырлар жок экенин жана компаниянын талаптары ушундай деп түшүндүргөн.

Ал эми кардар кыргызча ырларды программадан тапкандыгын жана компанияны сотко берерин айтканда кызматкер “маселе жок” деп жооп берген.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер