Ырчы Азиза: “Баарына каршы” деген жердеги галочканы белгилейм”
Ырчы Азиза Абдиева парламенттик шайлоодо баарына каршы добуш берет. Бул тууралуу ырчы соцтармактагы баракчасына билдирди. Анын айтымына караганда, татыктуулары жок экен.
“Мен, Адиева Азиза Көчөрбаевна, Кыргыз Республикасынын жараны, шайлоочусу катары буюрса шайлоого барып өз добушумду берем, бирок, “Баарына каршы” деген жердеги галочканы белгилейм.
Кимдин ким экени өзгөчө карантин мезгилинде билинди. Элин ушудай кыйын кырдаалда таштап кеткен депутаттар эми эмнени кыйратышат?! Шайланганча асмандагы айды алып беришкенге даяр, шайлоо бүтөрү менен “кайдан көрдүм кара эшек...” деген ошолор. Карапайым эл өз киндигин өздөрү эле кесип келе жатышат. “Пандемия” деп коюшат, өздөрү элди чогултуп алышып, үгүт жүргүзүшүүдө. Ал жерден “Covid” жугуу коркунучу жокпу?
Укканым боюнча шайлоо кодексинде жазылган экен, эгерде 50%дан ашык шайлоочу “Баарына каршы” деп добуш берсе, кийинки шайлоого азыркы кандидаттар катышууга укуктуу эмес. Бирок, бизде сөзсүз шайлоону өткөрүшөт, кайра эле баягылар шайлашышат, анан алар кайра дагы тоюп бүткөнчө…” деп жазат ырчы.