Акыркы кабарлар
» Шоу-Бизнес » Кызсайкал Кабылованын мурунку жолдошу, модель Эрнис Айдаралиев үйлөндү
Кызсайкал Кабылованын мурунку жолдошу, модель Эрнис Айдаралиев үйлөндү
14-сентябрь, 12:10
6 937 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Өзүн моделдик жана актёрдук чөйрөдө сынап, учурда жеке ишкерлик менен алектенип жүргөн Эрнис Айдаралиевдин заманбап тою болду. Бул тууралуу ал жалпы коомчулукка жарыялабаса дагы, достору социалдык тармактарга жүктөп жатышты.
Белгилүү болгондой, модель мырза Аделина аттуу кызга май айында баш кошкон. Ал эми күркүрөгөн күздө заманбап үлпөт тоюн өткөрүштү.
Эске салсак, Эрнис Айдаралиев ырчы Кызсайкал Кабылованын мурунку жолдошу. Алар 2017-жылы 16-июлда баш кошушуп, тилекке каршы, 2018-жылы эки ажырым жолго түшүшкөн. Ортолорунда Альфия аттуу кызы бар.