Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айчүрөк Иманалиева: “Эмгектеримди жар салып, көкүрөк койгулай бербейм”

Айчүрөк Иманалиева: “Эмгектеримди жар салып, көкүрөк койгулай бербейм”

11-сентябрь, 22:45
1 911 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

КР эмгек сиңирген артисти, Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыктын ээси, эл аралык конкурстардын лауреаты, эстрада ырчысы Айчүрөк Иманалиева карындашыбыз менен көптөн бери баарлаша элек болчубуз. Анын да жөнү болду. Кээ бир жеңил-желпи ырчыларга окшоп, болор-болбос, мааниси түшүнүксүз ырлар менен эл алдына шанаңдап чыга калгандардан эмес, баарын тереңден ойлонуп, ырдын сөзүнө баа берип, обонуна айкалышкан жагына абай салгандардын катарын толуктагаган чыгармачыл адам менен чакан маек курдук.

-- Учурда эмне иш менен алексиң?

-- Өнөр адамы болгондон кийин чыгармачылык менен эле алекмин. Жакында Асан Жакшылыков агайдын “Падышам – өмүр” деген ырына Рамис Алиев обон жараткан. Ошол чыгарманын үстүндө иштеп бүткөнү калдык. Кудай буюрса, элге тартуулоо алдында турабыз. Мындан сырткары, бир учурдун кыздары болгон Динара Акулова, Алина Жетигенова үчөөбүздүн аткаруубузда “Жашоо шаңы” деген ырдын клибине даярданып аткан кезибиз. 

-- Кыргыз шоу дүйнөсүнөн алыстап кеттиңби, көрүнбөй калдың дегеним?

-- Акыркы төрт жыл ичинде гезит-журнал, телевидение, радиого маек бербесем эле элдер ошондой ойлойт окшойт. А чынында такыр андай эмес. Ушу жылдары чет өлкөгө көп бардым. Кыргызстандын атынан ар кыл фестиваль, сынактарда калыс катары чакырылып, ошол эле учурда биздин жаңы муунду эл аралык аренага алып барып аттым. Айта кетиш керек, биздин ырчы балдар-кыздарыбыз ал жактан ар дайым байгелүү орундарды жеңип, алды гран-прини багынткандарга тикелей күбө болуп аттым. Албетте, кыргыз шоу дүйнөсүндө тамчыдан куралган ат көтөргүс эмгектеримди жар салып, көкүрөк койгулай берүү мен үчүн жат нерсе. 

-- Сенин курагыңдагылар чоң эне, таене болуп калышты. Балдарды үйлөнттүңөрбү?

-- Ар бир ата-эне небере жетелеп, алардын жакшылыгын көрсөм деп тиленет. Балдарым азырынча үйлөнө элек, мөмөлөрү бышып жетилип, буюрса “мына-мына” деп турабыз. Эки балам тең бой жетип калды. Бир уулум юридикалык академияны бүттү. Кийинки уулум чакан ишканасын иштетет. Кызым Шубин атындагы музкалык мектепте фортепиано классын аяктады. 

-- Жакынкы арада жеке концертиңе күбө боло алабызбы?

-- Пандемия көптөгөн адамдардын алдына койгон пландарын өзгөрттү. Анын ичинде чыгармачылык менен алектенген өнөр адамдарыныкы да четте калган жок. Ошентсе да жүрөгүмдүн түпкүрүндө жеке отчеттук концертимди жогорку деңгээлде ыр ышкыбоздоруна тартууласам (!) деген ой уялап жүрөт. Оркестрдин коштоосунда, жандуу үн менен, көптөгөн жаңы ырлардын бетачары жана эл самап, сагынып калган чыгармалардан турган концертти алдыга пландап атам. Буюрса дейли. 

-- Сөзүңө аралжы, “Падышам – өмүр” деп кеттиң. Бул жаңы чыгарма экен. Ушуга кыскача токтоло кетсең?

-- Бул мындай болду, ырдын обону сөзүнөн мурда жаралды. Өзүңүздөр билгендей, заманыбыздын залкар акыны Асан Жакшылыков агабыз менен мурунтан иштешип жүргөндүктөн, токтоосуз телефон чалдым. Өзү сыркоолоп жүргөн экен. Ошого карабастан мени кунт коюу менен угуп, сөзүн жазууга ашыкты. Мүмкүн агабыздын көптөн берки ичинде бышып жетилип калган, бир канча жолу толгонуп жүргөн мүдөөсү окшойт. Ырдын сөзү менен обону бап келишти. Албетте, буга чейин агайдын ырлары сүйдүм-күйдүм, лирикалык жанрда эле. “Падышам – өмүр” деген ыры таптакыр башкача өңүттө, мындайча айтканда, адамзаттын бу дүйнөдөгү орду, вазыйпасы, жашоодо кетирген кемчиликтери, ийгилиги, азап-тозогу, өмүр бою дегдеп жүргөн асыл максаты ж.б. мүдөөлөрү философиялык өңүттө ырдын сөздөрүндө камтылган. Жаш курагы келип калган адамдын артка бир кылчайып кароосу менен толукталган. Бир сөз менен айтканда, ырдын сөзү менен обону ажырагыс бир бүтүмдү туюндурган чыгарма болду. Кудай кааласа, жакынкы күндөрү деп турабыз...


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер