Анжелика: “Аялдын сулуулугу тереӊ ыйманында, назиктигинде, уяӊдыгында”
Ырчы Анжелика Кайратова “адамдын сулуулугу анын ыйманында” деп эсептейт. Бул тууралуу оюн ырчы өзүнүн социалдык баракчасына жазды.
“Адамдын сулуулугу ички, сырткы тазалыгында, тыкандыгында, тереӊ ыйманында, назиктигинде, уяӊдыгында. Сулуулук сырткы келбет менен гана чектелбеши керек! Жандүйнөң жакыр болсо, жүзүңө жаркыратып нур чача албайсың, ал бир гана жүрөктөн чыгат.
Жашоодогу түркүн тоскоолдуктарды буйтап өтүү канчалык оор экенин билесиздерби?.. Мени стресстен, кайгыруудан, азаптан эмгек гана арачалап калды. Тынымы жок кыймылдамын. Анткени, “Ачка кишинин ачуусу жаман” дегенди көп угам. Ошондуктан ар бирибиз эмгектенели, өсөлү, өнөлү, бийиктикте эркин канат жайып учалы. Ошондо гана бактылуулук эмне экенин түшүнөбүз. Жайында жаткан - кышында тоңот! Дайыма иш үстүндө болуп, көңүлүбүздү топук кылып, жүрөгүбүздүн жалындаган отуна жылынып жашасак кандай сонун?!
“Дүнүйө-мүлктүн көптүгү байлык эмес, көңүлдүн токтугу байлык” деп бекеринен айтылбаган чыгаар” деген оюн бөлүштү ырчы айым.