Акыркы кабарлар
» Шоу-Бизнес » Модель Алтынай өлгөн теке менен сүрөткө түшүп, талкууга калды
Модель Алтынай өлгөн теке менен сүрөткө түшүп, талкууга калды
18-август, 12:35
1 020 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Көптөгөн клиптерде роль жараткан модель Алтынай Эмилбекова Кызыл китепке кирген тоо теке менен (өлтүрүлгөн) сүрөткө түшүп, талкууга калды. Бул тууралуу интернет колдонуучулары жазышууда. Модель бул сүрөтүн “Эч ким жигитин жоготподу беле?” деген сөзү менен жүктөгөн.
Ал эми социалдык тармактын колдонуучулары бул өтө сейрек кездешүүчү жаныбар экенин жана өлгөн тоо теке менен сүрөткө сыймыктанып түшүү туура эмес экендигин айтышууда.
“Ким менен сүрөткө түшкөнүңүздү билесизби? Бул жоголуп кетүү коркунучунда турган, Кызыл китепке киргизилген жаныбар. Катталуучуларыңызды жоголуп бара жаткан жаныбарларды атууга тыюу салуунун ордуна шылдыңдап жатасыз. Уят!” деп жазат комментарий калтыргандардын көпчүлүк бөлүгү.