Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Нурзат Токтосунова: “Жоолук салынган күндөн бери чабуулдар бүтпөй койду”

Нурзат Токтосунова: “Жоолук салынган күндөн бери чабуулдар бүтпөй койду”

15-август, 13:41
885 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

«Жоолук салынган күндөн баштап ушундай чабуулдар бүтпөй койду. Аттиӊ, жоолуктан аркысын көрө албаган адамдар бар экени өкүнүчтүү. Жоолуктун ичинде жалындаган, улут жана эл үчүн күйгөн жүрөк бар экенин кайдан билишсин? Ушулардын баарын жазып аткан Фейсбуктагы байке-эжелерди жеке тааныйм, алдыларынан кыя өткөн эмесмин. 5 жыл маданият министрлигинде иштегенимде да көп көрүштүк, пикир алышкан күндөр болгон. Азыр аларга ачуу сөздөрү үчүн таарынбайм. Бактылуу болушсун. “Араптарга сатылгансыӊ, Айтматовду сүйлөгөнгө акың жок” дегени ойлондурду. Айтматов силердики да, меники да эмес, жоолукчан же жылаӊачтыкы дагы эмес. Либерал, демократ, ак же сары, академик же жөнөкөй мугалим меники дей албайт, ал элдики! Баарыбыздыкы. Ал улут сыймыгы...
Кимдин элге кандай жарыгы тийип атат, бул башка маселе...
8 жылдан бери билим берүү тармагында эмгектенем, 
окугула деп ар бир регионду кыдырып, бекер сабактарды өтөм, ай сайын муктаждарды жана жетимдерди акысыз окутам. Азыр да телеграммда он беш миӊ үч жүз адамга күнүгө сабак өтөм. Элге кызмат кылгым келбеген жаман ойлуу бирөө болсомэмгиче айтып чыгышмак го...
Кыскасы, алган 3 жогорку билимим, 15 жылдык тажрыйбам, чет тилдерде сүйлөгөнүм
, жоолук салынганда өзүнөн өзү жок болуп кетип, заматта араб болуп калдым (!) дей албайм. Ыйманым, ишеничим, кыргыз экениме сыймыктануум дагы күчөдү. Аллах колдосун!
Буга чейин улуттук көйнөктөрдү жана элечекти менчелик көп кийгендер аз. Ким эмнени көргүсү келсе, ошону гана көрөт тура. Жакшы жактарымды көп айткан силердей асыл адамдар (катталуучуларым) көп экени кубандырат. Бар болгула. Купалникчен бир кыргыз кызына караганда, жоолукчан кыздын болгону жакшы эмеспи?»-деп Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер