Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сыймык Бейшекеев: “Сезимтай, залкардын данеги, бакыт тууруна кондуң”

Сыймык Бейшекеев: “Сезимтай, залкардын данеги, бакыт тууруна кондуң”

11-август, 17:33
2 066 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

8-август күнү төкмө акын, КР эл артисти Элмирбек Иманалиевдин кызы Сезим турмуш жолуна аттанган. Эки жашка ырчы, обончу жана аткаруучу Сыймык Бейшекеев өкүл ата болгону айтылган эле. Сыймык Бейшекеев өкүл кызы тууралуу Инстаграмга буларды жазып чыкты:

“Сезим, Сезимтайым, залкардын данеги... Ошентип мезгил закымдап учуп, бакыт тууруна кондуң. Сен төрөлгөндө ата-энеңдин кубанычына кошулуп кубанып, ат коюу жоопкерчилиги мага жүктөлгөндө улуу сезимдерге оронуп, атыңды СЕЗИМ деп койгонумду эстедим, кызым. Бийик кыялдарга бөлөнүп, сенин чоңоюп келаткандагы наристе мезгилиңе жетелендим. Ыраматылык Гүлбү аяшым “бул сенин кызың, биз болбосок да сен өзүң узатып, өзүң өкүл ата болосуң” деген сөзүн эстеп, “селт” эттим. Эчен жыл мурун жөн гана кубанычтан мени жакын санап айтылган ушул сөз алар чын эле жок болгон чындыкка айланбай эле койсо эмне, аттиң!..

Эсил кайрандарым, экөө тең жаныңда болбогонуна жүрөгүм тилинип, сыртым жылмайганы менен ичимди жалын аймап турду. Сезимтайым, буюрса теңиңди таап, Бексултандай азамат менен кол кармашып, турмуш деген узак сапарга чыктыңар. Сапарыңар байсалдуу болсун, асылдарым! Өмүрдө өзөк өрттөөр күйүттүү болбой, өрүшү толгон сүйүктүү жубайлардан болгула! Ый болбой, ырыскы төгүлгөн сый бүлө болгула! Турмуш жолуңарды жаза баспай, аруулап таза баскан ширин түгөйлөрдөн болгула, алтындарым! Нурзада экөөбүз Элмикем менен Гүкүштүн ордун толтура албастырбыз, бирок, алар каалаган өкүл аталык, өкүл апалык милдетти өмүр өткүчө ыйык сактайбыз, садагаларым! Элмирбектин көзү тирүү барында эле ушул күнгө болжогон жакшылыкты токтоткон жокпуз. Буюрса ата-энеңдин арбагы ыраазы болгондой мыкты бүлө болоруңа ишеним чоң, кызым! 

Сөзүмдүн аягында Элмикемин батасын берейин:

Кудурет кубат болсун, кубанычыңар булак болсун, балдарым! Куш бооңор бек болуп, бактылуу болгула, алтындарым!”
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер