Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аселдин апасы: “Салон иштебей калса “энеси оозун ачкан неме” демексиңер”

Аселдин апасы: “Салон иштебей калса “энеси оозун ачкан неме” демексиңер”

10-август, 14:20
3 406 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Саламатсыздарбы кыргыз элим! Эртең менен аябай негатив комментарийлерди окуп, жүрөгүм ооруду! Мен энемин, кызыма ушундай терс таасир эткен сөздөрдү ыраа көргүм келбейт! Кызым эч кимге катуу сүйлөбөгөн назик инсан!

Мен сиздерге, сиздер окуган дубаңыздарга эки жолу ыраазычылыгымды билдиргем! Эгерде ошол жазган ыраазычылыгымды окубасаңыздар мен күнөөлүү эмесмин да. Сиздерден сураныч, негатив жазган инсандар, сиздер мен жана кызым жөнүндө аябай жаман сөздөрдү жазып, моокумуңуздар кандыбы? Эмне маалымат уккуңуздар келди? Кызым ооруканадан аман-эсен чыкты, Кудайга шүгүр!

Реанимацияда иштеген бут медицина кызматкерлерине таазим кылам! Кызымды экинчи жолу төрөгөндөй болдум! Буюрса, акырындап өзүнө келе баштады. Убакыт керек экен. Сабыр кылып туруңуздар, кызым интернет чукулап, бир нерсе жаза турган акыбалга келе элек! А салон жөнүндө жазгандарга, жарнама кылбай кызың жөнүндө маалымат бербейсиң дегендерге: “Салонду жарнама кылуу менин ишим! Эгерде иштебей туруп калса дагы айтмаксыңар, “энеси оозун ачып отурбай иштетпейби. Мен жардам бербесем ким жардам бермек эле!Бизнести токтотсок артка кетет, кызымдын ушунча эмгегин таштап коё албайм. Канча деген убактысын, нервин кетирип, жакшы ой-тилек менен ачкан салон элге кызмат кылып, киреше алып келсе, кызыма менден жардам болот!

Эч кимди “балам” деп сыздатпасын! Эгерде биз жакпай жатсак, биздин инстаграмга кирбей эле коюңуздар, өзүңүздөрдүн да жаман нерселерди жазып убактыңыздарды коротпоңуздар, күнөөгө батпаңыздар! Дуба кылып, кызым үчүн сарсаана болгонуңуздарга ыраазычылыгымды билдирем!”.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер