“Мекенди” тарткан Бектемирге жана командасына ыраазычылык!
Белгилүү журналист эжебиз Сүйүн Курманова “Мекен” тасмасы тууралуу жылуу пикирин калтырды:
“Үч-төрт күндөн бери ушул кинотасма тууралуу ар кандай кеп болуп жатат. Башканы билбейм, мен жүрөгүм кысылып, жаман болуп отуруп көрдүм. Чыны ушундай болуп жатпайбы! "Ме, ал, мына кен!" деп кен казууга лицензияларды туш келди итбекер берип... эми мына, Чаткалды, Таласты, Ала-Буканы аңтарасынан салып, Көлдүн төбөсүн оюп, түпкүрүнө түшүп, Жараткан жакшы көрүп ыроологон кайран журтубуздун айраны чыгып жатат! Тоо бузулуп, сел жүрүп, талаа-түз какшып, жайыт жылаңачтанып, карагай кайың саргайып, бак-даракты ылаң каптап, кайберен качып, касиет кетти.
“Цивилизация өз перзентинин түбүнө өзү жетет” деген шартта Кыргызстан экологиялык жактан артыкчылыктуу аймак эле. Соңку он-жыйырма жыл аралыгында кирдүү аяк баспай турган уникалдуу табигый коруктар, көркөмү көзүңө жаш айландырган жашыл төрлөр, бабаларыбыз баладай бапестеп, сыйынып келген күр жайлоолор тебелендиде калды.
Фильмдин ал жак-бул жагын билбейм, бирок, ушул маселени көтөрүп чыкканы үчүн эле ыраазы болушубуз керек. Азаматсыңар, жаштар! Элдин негизги байлыгын коргоо силердин колуңарда! Бектемирге жана анын командасына чын дилден чыккан ыраазычылык!”