Эмилия Бурканова: "Аялзатын кордогондорду эркек катары эсептебейм"
-- Чыгармачылыкта кандай жаңылыктар болуп жатат, жаңы ырлар жазылуудабы?
-- Жаңы чыгармаларды жаратуу менен алекмин. Жакында эле жаңы ырым клипи менен чыкты. Азыр кош бойлуумун, аман-эсен көз жаргандан кийин дагы да жаңы чыгармаларымды алып чыгам.
-- Аялзатына күч алган зомбулук, коом көйгөйлөрү ойлондурабы?
-- Аялзатын кордогон эркектерди “эркек” деп эсептебейм. Мындай зомбулуктарга кабыл болгон аялзаты акыркы убактарда көп кездешип жатат. Себеби, тууган-уруктан уялып, өздөрү жашырып жүрүшүп, ушундай кырдаалга келип калышты да...
-- Сен үчүн жашоонун маңызы, тирүүлүктүн миссиясы эмнеде?
-- Жашоонун маңызы – бала-чакаң, үй-бүлөң, ата-энең, тууган-урук, жакындарыңдын аман-эсен жаныңда болгону. Бул жашоого бир келген соң, ар бир жаралган жаран жашоосун татыктуу жашап, коомчулукка аяр мамиле кылуу менен мекенине аз да болсо салым кошушу абзел.
-- Карантинде катылган таланттар ачылдыбы?
-- Карантинде отуруп, көп нерсени баалабаганыбызды түшүндүм. Таза аба, жаратылыш, достор, жакын адамдар менен жолугушуп, баарлашкандын баркын билдим. Жолдошум дагы дайыма үйдө болуп, үй-бүлөбүз менен жакшы көз ирмемдер өттү. Албетте, жакшы идеялар, жаңы ырлар, жаңы обондор жаралды, буюрса жакында аларга күбө болосуздар.
"Азия Ньюс" гезити