Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Нурлан Мотуев: “Мушташка макул болсом, “Чыпалак баатыр” чыңырып качты”

Нурлан Мотуев: “Мушташка макул болсом, “Чыпалак баатыр” чыңырып качты”

26-июнь, 12:46
2 570 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Нурлан Мотуев менен Зарылбек Аликеновдун (“Чыпалак баатыр”) көптөн берки тирешине күбө болуп келебиз. Керек болсо ал уруштун башында хейтерлер турат. Бири-бирине интернет аркылуу жооп беришип, кайым айтышып, бирде тынчый калышып, айтор, окурмандарды зериктиришкен жок. Эки тарапка бирдей байланышып, жонтерисин байкап көрдүк. “Элдешип ага-ини болобу?” десек, жок! Рингге чыгып күч сынашкандан кайра тартчудай эмес. 


-- Нурлан байке, саясаттан шоу-бизнеске оодуңузбу?

-- Ушу тапта ишкерлик, ырчылык менен алекмин. Туруктуу түптөп койгон ишкерлигим бар, эки-үч үй-бүлөнү кенен баккыдай каражат түшүп турат.
 Жаш кезимде эле чыгармачылыкка жакын болчумун. Студент кезимде ырдап эле жүрчүмүн, бирок элге жар салгым келген эмес. Самат Дөөлөтбаков профессионал ырчы эмеспи, менин дараметимди байкады да, азыр биргеликте дуэттерди жаздырып атабыз. Убагында, жаш кезде туугандарым “ырдап чык” десе болбой саясатка баш-отум менен кирип кетип, орус мүнөз жаным, “жандилим менен берилип кызмат кылам” деп эки жолу түрмөгө отуруп чыктым.

-- “Чыпалак баатыр” менен чырыңар эмнеден улам чыкты эле?

-- Былтыр ал июнь айында Инстаграмдан түз эфир уюштуруп атып бир күйөрманы кайраштырып, “Нурлан Мотуевге чыгасыңбы?” десе “чыгам” деди. Аны угуп алып, мени да кайрагандар болду. “Кой, менден 16-17 жаш кичүү экен” дегем. “Иним, мушташты токтот, андан көрө дуэт жаздырып, экөөбүз шоу тармагында биргеликте иш кылалы” дедим. Ага болбой эле “мушташам” дей бергенинен макул болсом, кайра өзү чыңырып качты. Ортодон демөөрчүлөр “байге коюп, мушташ уюштурабыз” деген. Ошол бойдон эле калып кетти. 

-- Ортоңордо бир топ сөздөр айтылды. Улуулук кылып ошо бойдон эле теңелбей койбойт белеңиз?

-- Эми ал “мушташасыңбы?” деп атса, теңелбей койсоң, аны элдер коркоктук катары баалашат. “Ушу улуулук, акылмандык кылды” деп эч ким айтпайт. “Коркуп качты” деген сөздөн көрө мушташып өлгөн жакшы да, туурабы?

-- Мисалы, сөздөн ишке өтүп, “Чыпалак баатыр” рингге чыга турган болсо, сиздин физикалык даярдыгыңыз барбы?

-- “Бай мактанса бир жуттук, баатыр мактанса бир октук” дейт, “Чыпалак” мактанса бир муштумдук. Бир ударыма дал келчү болсо, оңкосунан сайылат го! Мен деген Россияда 1995-97-жылдары ресторанда ырдап, эрежесиз мушташтарга чыгып жүргөм. Любоюн айрып түшпөйүмбү!

-- Баса, физикалык даярдык демекчи, кантип арыктадыңыз? 

-- Биринчи кезекте кулкунду тыйыш керек. Эки саатта бир аз-аздан тамак ичип атам. Гормондор ошондо жакшы иштеп, организмде зат алмашуу жакшырат. Спорт залга барам, жүгүрөм. Убагы менен 8-9 сааттан кем эмес уктайм. 


"Азия Ньюс" гезити 

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер