Алтынай Нарбаева: “Жаш ырчылардай Инстаграмдан акча тапканды билбейм”
-- Тойлор токтоду. Шоу бизнес өкүлдөрү эмне менен алектенүүдө?
-- 20-марттан 1-июнга чейин “Апам жана мен” деген уюм менен биргеликте кайрымдуулук иштерин кылдык. Эртең менен алтыда чыгып, кечки саат сегизде келип аттым үйгө. Азыр күн ысып баштагандан бери Кашка-Суудагы үйүбүзгө келгенбиз. Жер иштетип, багбанчылык менен алекмин. Дача гүлгө оронуп турган кези. Он күн ичкен саамалды бир айга созуп салдым. Ырчылардын көбүнүн киреше бөлүгү той да. Мектептен алган айлыгымды кайрымдуулукка жумшадым. Жаш ырчылардай болуп Инстаграм баракчаны иштетип, каражат табуунун жолун деле билбейм. “Соло-медиа” каналы клиптеримди чыгарып турат. Ал үчүн квартал сайын тыйын берип турушат. Өзүмдү камкор эне катары баалайм, буга чейин катып койгон акчаларды четинен күнүмдүк тиричиликке колдонуп атабыз. Чакан тойлорго деле эч ким чакыра элек, чакырса барып кызмат кылмакмын.
"Азия Ньюс" гезити